Ибраев Жеенчороевге соттошобуз же сыртка бирге-бир чыгабыз деп коркутту (видео)
RU

Ибраев Жеенчороевге соттошобуз же сыртка бирге-бир чыгабыз деп коркутту (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Самат Ибраев Мирлан Жеенчороевди сотко берем деп коркутту.

Жыйын учурунда депутат Жеенчороев акыркы бир айдан бери интеллигент деп саналган Абдыгуловго (Улуттук Банктын мурунку төрагасы Толкунбек Абдыгулов - kaktus.kg. ред) айрым адамдар тарабынан кара пиар жасалып жүргөнүн билдирди.

Андан кийин Ибраев Жеенчороевдин бул сөзү үчүн сотко бере тургандыгын, же сыртка бирге-бир чыгыш керектигин айтты.

Жеенчороев ага жооп кайтарып, сөз сүйлөп жатканда эч кимдин атын атабагандыгын баса белгиледи.

"Бирок өзүңүзгө кабыл алып жатсаңыз, мен сизге жооп берейин. Өзүңүзгө чактап жатсаңыз, демек сонун болуптур, демек сиз жоопкерчиликти сезип жатасыз, эмне иш кылып жатканыңызды билесиз. Мындай адамдардан болгон коркутууулар суу кечпейт. Мен кандай болбосун чакырыктарга даярмын. Мырза болсоңуз, келип, эки вариантты тең далилдеп берүүгө тийишсиз", - деди ал.

"Юриспруденция биз тарапта, биз ким эмнени алып, эмне кылганын далилдей алабыз. Абдыгулов эртеңки күндө өлкөнүн алтын резервине кол салган алдамчыларды ачыкка чыгарат деп ишенем. Президентке администрациядан ушул сыктуу алдамчыларды жок кылууну кеңеш кылам. Алар көчөдө жана парламентте президенттин атын жамынып жүрүшөт", - деп Жеенчороев кошумчалады.

"Бул адамдар сиздин интеллигенттүүлүгүңүздөн колдонуп кетпейт, деп үмүт артам. Кайсы жерге барбаңыз жалаң ийгиликтерди каалайм", - деп депутат Абдыгуловго тилек айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3714