Кара-Көл шаардык кеңеши 150 миңге iPhone 12 Pro Max сатып алууну чечкен
RU

Кара-Көл шаардык кеңеши 150 миңге iPhone 12 Pro Max сатып алууну чечкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши 150 миң сомго уюлдук телефон сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылган.

Кара-Көлдүк шаардык кеңеш 29-сентябрда жарыялаган тендерге ылайык, 150 миң сомго уюлдук телефон жана ага аксессуарларды сатып алат.

  • iPhpone 12 Pro Max Gb 256, сим-картаны колдоо, Apple A 14 Bionic процессору, флеш-эс тутумдун түзүмү - 2 даана (тышкы чогултма 1 Тбайт);
  • DJI Osmo Mobile 4 телефонкармагыч, Powerlogy 2 телефон койгуч; PowerBank;
  • Apple (iPhpone и iPad) түзүмүнө стереоконденсатордук микрофон; iPhpone 12 Pro Max үчүн аккумулятор (батарейка)

Экинчи лот катары 40 миң сомго герб менен желекти сатып алуу көрсөтүлгөн.

баркыт кездеме, көлөмү 1 м 60 см'ге 0,85 м, колго сайма сайылган, штог (тургузма) жаңгактан 2 метр, түбүндөгү подставка гранит, тегерек формада, жана түстүү кебезден жасалган герб, МДФке бекитилген. көлөмү 0,60 см'ге 0,60 см. Рамкасы алтын жалатылган металлдан жасалган.

Билдирүүлөр 1-октябрга чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кара-Көл шаардык кеңешинин өкүлдөрү менен байланыша алган жокпуз. Бирок Kaktus.media мындай кымбат телефондун эмне кереги бар экенин билүү үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын пикирин угууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3736