Шашылыш билдирүү! 2021-жылдын 13-январынан 16-январына чейин кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
RU

Шашылыш билдирүү! 2021-жылдын 13-январынан 16-январына чейин кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Өзгөчо кырдаалдар министрлиги жөнөткөн билдирүүго ылайык, жакынкы тоолу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Ведомство жөноткөн маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-январынан 16-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 61-85 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/374