Жапаров азык-түлүк жана башкалардын эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү
RU

Жапаров азык-түлүк жана башкалардын эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров азык-түлүктүн кымбаттоосу боюнча айрым түшүндүрмөлөрдү берди. Ал өзүнүн Фейсбуктагы расмий баракчасында мындай деп жазган:

"Коронавирустун чыкканына бир жарым жыл өттү. Бардык өлкөлөр чек араларын жаап салганы үчүн соода токтоп калды. Андыктан биздин өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзү боюнча кымбаттап жатат. Албетте, бул учурда, салыктар жана бажы төлөмдөрү азыраак болуп, казына толтурулбай калат. ....

Бирок, биз күнү-түнү баалардын өсүшүн токтотуп, аларды белгилүү бир чектерде кармап турууга аракет кылып жатабыз. Ал эми пандемияга каршы күрөш уланууда. Биз казынадан акча бөлүп алып, ага вакцина сатып алдык. Кээ бир өлкөлөрдө акча төлөп эмдөө алышат. А бизде тескенисинче бекер эмдөө алгысы келбегендер да бар. Коронавирусту мүмкүн болушунча эртерээк токтотсок, анда дүйнөлүк державалар чек араларын ачышат.

Албетте, анда баанын өсүшү токтомок. Бардык кыйынчылыктарга карабай пенсияларды жана айлыктарды көбөйтүп, аскердик күчтөрүбүздү чыңдап жатабыз. Жолдор курулууда. Ар бир кылган ишибиз элдин, мамлекеттин жана биздин урпактардын жыргалчылыгы үчүн.

Кийин биз бүгүн кылган иштерибиз үчүн уялбайбыз. Кабатыр болбоңуздар, баары жакшы болот, бир аз убакыт керек ".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3752