COVID-19дун жаңы штаммдарынын 2023-жылга чейин таралышы боюнча план - бул фейк маалымат
RU

COVID-19дун жаңы штаммдарынын 2023-жылга чейин таралышы боюнча план - бул фейк маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетте COVID-19дун жаңы штаммы SARS-CoV-2нин 2023-жылга чейин таралуу планынын электрондук жадыбалы таралып жатат. Сүрөттө ДССУ, Дүйнөлүк Экономикалык Форум, Билл & Мелинда Гейтс Фонду жана Джонс Хопкинс университетинин логотиптери бар. Бул маалыматты таратып жаткан адамдар пандемияны дал ушул уюмдар пландаштырганын кыйытышкан.

Бул фейк. Аны буга чейин Associated Press, Reuters жана Full Fact сыяктуу көз карандысыз факт текшерүүчүлөр четке кагышкан.

ДССУ, Дүйнөлүк Экономикалык Форум жана Мелинда Гейтс Фонду бул уюмдарга берген комментарийлеринде көрсөтүлгөн документке эч кандай тиешеси жоктугун ырасташты.

Мындан тышкары, таблицада көрсөтүлгөн даталар буга чейин белгилүү болгон штаммдар табылган чыныгы даталар менен дал келбейт.

  • Мисалы, таблица Delta 2021-жылдын июнь айында пайда болорун көрсөтүп турат, Бирок, чындыгында Delta штаммынын биринчи үлгүлөрү 2020-жылы октябрда кайра катталган.

  • Eta штаммы 2021-жылдын мартында деп жазылган, ал эми таблицада 2021-жылдын сентябры көрсөтүлгөн.

Iota, Kappa жана Lambda штаммдары окшош. Алар илимпоздорго мурунтан эле белгилүү болгон.

  • Iota 2021-жылдын мартында табылган, ал эми таблицага ылайык, 2021-жылдын ноябрында гана болушу керек.

  • Kappa штаммы биринчи жолу 2021-жылы апрелде жазылган, таблицада 2020-жылдын декабры көрсөтүлгөн.

  • Lambda штаммы 2021-жылдын июнь айынан бери белгилүү. Бирок, таблицага ылайык, ал 2022-жылдын январында гана пайда болушу керек болчу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3768