Песков Путин туулган күнүн кантип белгилей турганын айтып берди (туулган күнү эртең)
RU

Песков Путин туулган күнүн кантип белгилей турганын айтып берди (туулган күнү эртең)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 7-октябрда, Россиянын президенти Владимир Путиндин туулган күнү. РФтин лидери 69 жашка чыгат. Туулган күнүндө жумушка байланыштуу пландары бар, деп РФтин өкмөт башчысынын пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди, деп РБК жазды.

Журналисттер Кремлдин өкүлүнө кайрылып, Путин туулган күнүндө эмне кылат, деп сурашкан. "Билгениме караганда, туулган күнүнө карабастан, жумушка байланыштуу пландары бар. Ал ар дайым эле туулган күнүндө иштейт. Кечкисин албетте, жакындары менен жолугат. Ал мурункудай изоляцияда эмес", - деп Песков белгиледи.

Эске салсак, сентябрдын орто ченинде Путин Душанбе шаарында өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун саммитине катышкан эмес. Расмий маалыматка ылайык, ал коронавируска байланыштуу карантинге алынып, Тажикстанга бара албай калган. Анын жакындарынын бири вирус жугузган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3791