"Ак үйдүн" эрке кызы бир тууганым деп тааныштырган киши күпкүндүз, көчөдө ок атып ойногон
RU

"Ак үйдүн" эрке кызы бир тууганым деп тааныштырган киши күпкүндүз, көчөдө ок атып ойногон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына бир видео жөнөтүшкөн, анда эркек киши Бишкектеги көчөлөрдүн биринде пистолет менен аткылап жатканын көрүүгө болот. Бир ок менчик үйдүн терезесине тийген.

Жабыркагандардын айтымында, окуя 2021-жылы Бишкектеги кичи райондордун биринде болгон.

"Кошуналардын уйкусун катуу добуш бузган, көрсө бир бөлмөбүздөгү бир терезе сыныптыр. Ошол эле бөлмөдөн тапанчанын огу табылган", - деп колдонуучулар билдиришти.

Албетте, үйдүн ээлери милиция кызматын чакырышкан. Окту да күч орган өкүлдөрүнө өткөрүп беришкен. Бирок жабыркагандардын айтымында милиция ушу күнгө чейин эч кандай чара көргөн жок.

"Ушунча убакыттан кийин, бишкектиктер кокусунан эле социалдык тармактардан видеону көрүп калып, бул алардын району экенин түшүнүшкөн. Атып жаткан киши бир үйдүн терезесине тийген, бирок милиция бул ирет да эч нерсе кылган жок", - деп бишкектиктер арызданышты.

Белгилей кетсек, видеодогу киши буга чейин болгон чуулгандуу окуяда аты чыккан. Nuraiym (nuraiym_9999) аттуу Instagram колдонуучу соцтармакка жол эрежелерин бузган айнеги караңгылаткан джиптин жол эрежелерин бузуп айдаган сүрөттөрүн чыгарып келген. Аталган айым Nuraiym мамлекеттик номери менен жүрчү. Социалдык тармакка жарыяланган сүрөттөрдү көрүп, алар "Ак үйдүн" үстүнкү кабаттарынан тартылганан көрүүго болот. Ал жерде парламенттин депутаттары жана президент өзүнүн аппараты менен отурушчу. Укук сактоочу органдардын өкүлдөрү аны ошо бойдон табышкан эмес.

Ошол кезде Nuraiym бүт өлкөгө дүңгүрөп аты чыккан. Социалдык тармакка "бул менин сүйүктүү бир тууганым" деп жазылган сүрөтүн чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3803