Үч жашар баланы зордуктаган. Тургундар шектүүнүн үй-бүлөсүн кууп чыгуу ниетинде
RU

Үч жашар баланы зордуктаган. Тургундар шектүүнүн үй-бүлөсүн кууп чыгуу ниетинде

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропортунун жолунда жайгашкан Кут айылынын тургундары үч жашар баланы зордуктоого шектелгендин үй-бүлөсүн күч менен көчүрүү ниетинде. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, 5-октябрда Кут айылында, үч жашар наристенин зордукталганы белгилүү болгон. Баланын үй-бүлөсү БАЭнин кайрымдуулук фонду тарабынан курулган үйдө жашашчу.

"Зордуктоо, балким, бир нече күн мурун, же ошол эле күнү болгон болушу мүмкүн. Бала ажатканага бара албай калганда гана апасы ызы-чуу салып, полицияга кайрылган", - дешет тургундар .

Милиция кызматкерлери 15 жаштагы шектүүгө эч кандай чара көрүшкөн эмес. Маалыматка ылайык, ал мурда да башка жаш баланы зордуктаган. Бирок, баланын апасы эч жерге арызданган эмес.

"Жабыркаган баланын апасы абдан сабырдуу аял. Бир нече баласы менен ушул үйдө жашап келет. Зордуктоого шектүүнүн апасы башында турган белгилүү бир "мафия" бар деп ойлойбуз. Ошол аял буларды коркутуп койгондуктан алар унчукпайт. Шектүүнүн апасы башка аялдар менен бирге ага кысым көрсөтүп жатат", - дешти тургундар.

Алар 15 жаштагы өспүрүм айылдагы башка балдарды зордуктап же аларга бир нерсе кылат деп коркушат. Эгерде милиция мыйзам чегинде чара көрбөсө, Кут айылынын тургундары өздөрү чара көрүп, бул үй-бүлөнү айылдан кууп чыгышаарын кошумчалашты.

"Баары мыйзам чегинде болооруна жана шектүү жазага тартыларына дагы деле үмүт артып жатабыз. Андай болбосо, жаман болот", - деп жыйынтыкташты Кут айылынын тургундары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3811