Мээрим Жуманазарова бүгүн алтын медаль үчүн күрөшөт. Качан жана кайдан көрсө болот?
RU

Мээрим Жуманазарова бүгүн алтын медаль үчүн күрөшөт. Качан жана кайдан көрсө болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-октябрда, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө финалдык беттештер башталат. Программада күрөш боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн күрөшө турган Мээрим Жуманазарованын күрөшү дагы болот.

Белгилей кетсек, ал 68 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. Алтын үчүн күрөштө анын атаандашы япониялык Рин Мияджи болот. Ал 2019-жылы жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалынын ээси. Ал эми 2020-жылы расмий ири старттарга катышкан эмес.

Финалдык күрөштү Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) расмий сайтынан шилтеме аркылуу көрө аласыз. Бул үчүн атыңызды, фамилияңызды жана электрондук почтаңызды, ошондой эле өлкөңүздү көрсөтүшүңүз керек.

Мындан тышкары, аны Инстаграмдагы UWW расмий баракчасынан, ошондой эле Инстаграмдагы Кыргыз күрөш федерациясынын расмий баракчасынан көрүүгө болот. Бирок, кыргыз федерациясы түз эфирге чыгабы же жокпу билдирилбейт.

Жуманазарова килемге качан чыгаары тууралуу маалымат жок. Күрөш биринин артынан бири өтөт.

Белгилей кетсек, бүгүн грек-рим күрөшчүлөрү дагы дүйнөлүк чемпионатта старт алышты. Руслан Царев (72 кг чейин) алгачкы беттешин жеңип, 1/8 финалга чыкты, Кайратбек Түгөлбаев (77 кг чейин) биринчи беттешинде утулуп калган. Ал эми бүгүн Сардарбек Конушбаев (55 кг чейин) менен Калидин Асыкеев (82 кг чейин) бүгүн килем үстүндө күч сынашат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3817