Тарых музейин мартта ачууну убада кылышты. Бирок, анын карызы боюнча маселе чечиле элек
RU

Тарых музейин мартта ачууну убада кылышты. Бирок, анын карызы боюнча маселе чечиле элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Мамлекеттик тарых музейин марттын башында ачууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда министрдин орун басары Илязбек Балташев билдирди.

Анын айтымында музейди 2020-жылдын декабрында, 95-жылдыгына карата ачуу пландалып жаткан. "Тилекке каршы, саясий окуялардан улам, андай болгон жок. Ал эми азыр туруктуулук орной баштады, март айында ачууну пландап жатабыз", - деди Балташев.

Ошондой эле, ал музейдин карызы боюнча маселе тууралуу ачыктады. Балташевдин айтымында, немец компаниясы реконструкция жасап, ири өлчөмдөгү карыз жаралган, бирок көйгөй чечиле элек, ал эми төлөнө турган сумма 2021-жылдын бюджетине киргизилген эмес.

"Музейдин реконструкциясы боюнча соттук териштирүүлөр дагы деле уланууда, ал үчун "саясий чечимдер" керек", - деди министрдин орун басары.

Балташев белгилегендей, подрядчиктин субподрядчиктин - немец компаниясынын алдында дебитордук карызы бар, анын көлөмү 225,9 миң евро. "Акы төлөнүүнүн кепилдиги болмоюн, немец тарап жумушту улантуудан баш тартып жатат. Демек, акчасы толугу менен төлөнмөйүнчө жумуш токтоп турат", - деди ал.

Эске салсак, тарыхый музей 2016-жылдын март айында реконструкцияга жабылган. 2018-жылдын июль айында, Генералдык прокуратура бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыян 307 млн 650 миң сом деп бааланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/381