АКШ полициясы жүк ташуучунун айдоочусун атып салды. Ал кыргызстандык болушу мүмкүн (видео)
RU

АКШ полициясы жүк ташуучунун айдоочусун атып салды. Ал кыргызстандык болушу мүмкүн (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-октябрда АКШнин Пенсильвания штатынын полициясы жүк ташуучу унаанын айдоочусун атып салышкан. Берилген маалымат боюнча, ал трактын прицепи менен полиция унааларын тебелеп кеткен.

Полиция берген отчетко ылайык, 04:30да Джерси-Шордон чыга бериш жердеги унаа токтотуучу жерде талап-тоноо болду деген билдирүү менен полициянын наряды чакыртылган.

Аскер кызмткерлери машинени курчап, шектелүүчүнү багынууга үндөшкөн. Бирок, анын ордуна айдоочу өзүнүн жүк ташуучу машинеси менен аскер кызматкерлерин көздөй айдап полициянын машинелерин тепсеген. Полиция ок чыгарып, айдоочу алган жаракаттарынан каза болгон. Бир нече офицерлер жеңил жаракат алышкан.

Азырынча полиция кызматкерлери айдоочунун өздүгүн аныктай элек. Ал 27 жашта, Бакс округунун Лангхрон деген жеринен экени белгилүү. Полициянын айтымында анда курал жарак бар болчу.

Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде, полиция атып өлтүргөн жаран кыргызстандык болушу мүмкүн деген маалымат айтылып жатат.

Kaktus.media Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине комментарий алуу үчүн кайрылган. Ведомоство кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3824