Жүздөгөн жүк ташуучу машинелер көмүр алуу үчүн кезек күтүп жатышат (видео)
RU

Жүздөгөн жүк ташуучу машинелер көмүр алуу үчүн кезек күтүп жатышат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тик-Токтун колдонуучусу Нарын облусундагы "Кара-Кечеден" көмүр кенинен тартылган видеону жүктөгөн социалдык тармакка жүктөгөн. Анда жүздөгөн жүк ташыган унаалардын кезек күтүп жатканын көрүүгө болот.

Болжол менен видео кечээ, 7-октябрда тартылган. Айдоочулар орундун жоктугуна жана процесстин уюштурулбаганына арызданышты.

"Кыргызкөмүр" ишканасынын пресс-катчысы Жийде Зоотбекова, көмүр ташыгандарга кайрылып, көмүрдүн баасын көтөрбөөнү суранган.

Ал берген маалыматка ылайык, жеринде көмүр 1330-сомдон сатылып жатат. Буга чейин көмүр ташыгандар үстүнө 1000 сом эле кошуп сатышчу экен.

"Азыр күйүүчү май кымбат дешип атат. Эсептеп көрсөк, кымбат бензин менен эле (себестоимость) 1000 сом эле кошулат экен. Алар болсо ар бир тоннага үстүнө 2170 сом кошуп сатып жатышат, ага көмүр кампалары дагы 500 сом кошуп жатат. Жыйынтыгында, элге 5500 сомдон көмүр сатылып жатат.

Ортомчу көмүр саткандар, карапайым калк кыйналып турган кезде, патриоттуулугуңузду көрсөтүп 2000 сомдон ашык сумма кошпой эле турбайсыздарбы? Айкөлдүгүңүздү эми көрсөтүүгө убакыт келди.

Элибизге кайрылат элек, машинеден сатып алып жатканда соодалашып 1000 сом түшкүлө деп айтыңыздар. Ортомчулар өз кызыкчылыгын карап 2 эсе үстүнө акча кошуп жатышат.

Көмүр алып жатканда баасын түшүртүп соодалашыңыздар", - деп Зоотбекова жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3829