МКК: Жаңы паспорт алган кыргызстандыктардын жарымы улутун көрсөтүүнү туура көрүштү
RU

МКК: Жаңы паспорт алган кыргызстандыктардын жарымы улутун көрсөтүүнү туура көрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-декабрдан тартып 13-январга чейин 19 451 улуттук паспорт берилди. Алардын ичинен жарымынан көбү улутун көрсөтүштү. Мындай маалыматты Мамлекеттик каттоого алуу кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Эске салсак, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими жана өкмөттүн токтомунун негизинде, 15-декабрдан тартып, өздүкту тастыктоочу документке "улуту" деген графа кошулду. Жарандын улуту 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картада көрсөтүлөт.

Маалымат

2017-жылдын 1-майынан баштап Кыргызстандын жарандары паспорттун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналган электрондук чип орнотулган, тексттик да, атайын түзмөк аркылуу окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматтары бар идентификациялык карталарын (ID-карталар) чыгара башташты.

Идентификациялык картада төмөнкү маалыматтар камтылган:

- текст түрүндө: фамилиясы, аты жана атасынын аты, жынысы, жарандыгы, туулган датасы, документтин номери, берилген датасы, колдонуу мөөнөтү, жеке идентификациялык номери, ыйгарым укуктуу орган жана коду, ээсинин колу, ээсинин жүзүнүн сүрөтү санарип форматта, жеке идентификациялык номердин штрих коддору жана документтин номери;

- түзмөктө окула турган формада: түзмөктө окула турган зона;

- электрондук чипте: ГОСТ стандарттарына ылайык криптографиялык алгоритмдердин негизинде жүзөгө ашырылган биометрикалык маалыматтар, улуту, туулган жери, дареги, үй-бүлөлүк абалы, электрондук цифралык колтамгалардын ачкычтары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/386