Судьялардын ыңгайлуулугу үчүн ар бирине прокурор бекитилген. Соттолгондор унутта калды
RU

Судьялардын ыңгайлуулугу үчүн ар бирине прокурор бекитилген. Соттолгондор унутта калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

- Бизге Свердлов районун прокурорунун жардамчысы бекитилген, - деди судьяны катчысы.

- Ооба, айтып жатпаймынбы, бекитилген. Ар бир соттун катыша турган прокурору бар, - деп дагы бир судьянын кабылдамасында түшүндүрмө беришти.

- Бизге Рита Керезбекова бекитилген, - деп үчүнчү судьянын кабылдамасында жооп беришти.

Бул журналисттер сурап телефон чалган ондогон жооптордун бири. Алар чындап эле Бишкекте ар бир судьяга прокурор бекитиле турганын билүү үчүн байланышкан болчу. Аныкталгандай, мындай нерсе чындап эле бишкектик соттордо ишке ашырылып келет экен.

- Кайсы документтердин негизинде бекитилет? - деп Kaktus.media'нын журналисти суроо бергенин улантып жатты. Өзүн курс ишин жазып жаткан юрфактын студентимин, деп тааныштырган болчу.

- Жок, деди катчылардын бири, бирок бир аздан кийин кошумчалады: - Оозеки буйрук берилиши мүмкүн.

Чынында эле, Кыргызстандын мыйзамында "бекитүү" эч жерде жазылган эмес, ал эми прокурорго билдирүү жөнөтүү (извещение) расмий процедурасы көп убакытты алат.

Ошондуктан бишкектик соттордо бир амалын таап алышкан. Ал процесс жүрүп жаткан учурда судьяларга да прокурорлорго да "ыңгайлуу" болгондуктан, мамлекеттик айыптоочуларды судьяларга беките башташкан.

Бирок, иш жүзүндө бирөөнө ыңгайлуу болгон нерселер, ар дайым эле башкага да ыңгайлуу боло бербейт. Журналисттер ондогон адвокаттар менен сүйлөшкөндө, бардыгы прокурорлордун судьяларга бекитилишине нааразы болушкан. Алардын айтымында, мындай көрүнүш айыптоочуларды судьяларга жакын кылып жатат, а бул сотөндүрүшүнүн фундаменталдуу принциптеринин бирин бузууда - далилтартыш жана тараптардын теңдиги.

Бул практика Кыргызстандын аймагына канчалык деңгээлде жайылганын айтуу татаал. Kaktus.media'нын журналисттери аны Бишкектин кеминде эки райондук сотунда бар экенин ырастап бере алышат: бул нерсени соттордо айтып беришти, ошол эле нерсени сот чечимдеринин анализи көрсөттү.

Абдан ыңгайлуу

Прокурорлорду судьяларга беките турганын тастыктоо үчүн журналисттер Бишкетин бардык райондук сотторуна телефон чалып чыгышты: Свердлов, Биринчи май, Октябрь, Ленин.

Судьялардын кабылдамасындагы тактоочу бир-эки суроодон кийин алардын судьясына прокурор бекитилгенин айтып, айрым учурларды атын атап жатышты. Бирок секретарлардын документалдык негиздерин сурашканда, алар так жооп бере албай коюшкан. Бардык диалогдор төмөнкүчө өткөн:

- Бизге прокурор Замира Байбагышева бекитилген.

- Сиз билбейсизби, бул мыйзамбы же ушинтип бекитүү боюнча мыйзам барбы?

- Жок. Бизде жок, - деп кабылдамадан жооп берип жатышты.

Мурунку судьялардын бири анонимдүүлүктү сактоо шартында сүйлөшүүгө макул болуп, прокуратура өзү кызматкерлерин судьяларга бекитип, андан кийин ким, ким менен иштеше турганын айтат, деди. Анын өзүнө прокурорду чогулуш учурунда бекитип, бул "ишти бир калыпка түшүрүү" жана "прокурор келбей калып, жыйын жылдырылды" деген учурлар азыраак болот, деп түшүндүрүп беришкен.

"Бул аябай ыңгайлуу болчу. Мен алдын ала билчүмүн, кийинки процесске прокурор келет, керек болсо, мен өзүм ага телефон чалып, эскертип турчумун", - дейт мурда иштеген судья.

Анонимдүү судья айтып жаткан ыңгайлуулук - бекитилген прокурорлор конкреттүү бир судьянын отурумуна келүүгө милдеттүү, кокус келбей калса, ордуна башка бирөөнү жөнөтүүгө тийиш.

Прокурорду расмий түрдө дайындоо үчүн билдирүү жөнөтүп, ага кайра жооп алуу зарыл, судьянын айтымында бул процессти создуктуруп жиберет.

Судьялардын этикасы

Кыргыз сотторунда абийир кодекси бар, алар аны сактоого милдеттүү. Ал адвокат менен прокурорлордун ортосундагы мамилени түздөн-түз жөнгө салбаса дагы, судья жалпысынан эле "сот ишиндеги тараптардын бардыгына бирдей мамилени камсыздоого" милдеттүү, деп жазылган.

Кыргыз системасынан айырмаланып, европа сот системасында судьялар жана прокурорлор ич ара кандай мамиледе болушу керек деген сунуштамалар жазылган документ бар. Сунуштамада көптөгөн жоболордун ичинен мындай сөздөр көп кезигет: "Судьялар жана прокурорлордун функциялары бири-биринен көз карандысыз болууга тийиш, алар толугу менен бири-биринен коз карандысыз болуп, өзүн ошого ылайык алып жүрүүгө милдеттүү".

Эгер соттор узакка созулуп кетсе, бул судьяларга карата даттанууларды изилдеген дисциплинардык комиссиядагы талкууга себеп болушу мүмкүн. Андай учурлардын бири 2018-жылы орун алган. Анда, Бишкектин Свердлов районунун соту, ага бекитилген прокурордун жардамчысы сотко келбегенинен улам жазага тартылууга аз калган.

Генералдык прокуратура, маалыматтын конфиденциалдуулугуна шылтап, журналисттердин прокурорлорду судьяларга бекитүү практикасы тууралуу суроосуна жооп берүүдөн баш тартышкан. Прокуратурадагы эки маалымат булагы мындай көрүнүш бар экенин моюнга алышты, экөө тең аны ыңгайлуу, деп түшүндүрүштү.

Судья - прокурор жуптар

Генералдык прокуратура мындай практиканын бар экендиги тууралуу сөз кылбаса да, далилдерди адамдардын сөздөрүнөн эле эмес, башка жерден да алса болот.

Kaktus.media'нын журналисттери 2013-жылдан 2019-жылга чейинки 4,5 миң соттук чечимдерге анализ жүргүзүштү - корутундусу Бишкектеги айрым судьяларга бекитилген прокурорлор чындап эле бар экенин тастыктады.

Анализ жасап жаткан учурда журналисттер бир нече судья - прокурор туруктуу жуптарды аныктады, алар башкаларга салыштырмалуу бири-бири менен көбүрөөк иштешишкен.

Мисалы, Жеңиш Нуралиев 2016-2018-жылдары 66 иш боюнча айыптоочу болуп чыгыптыр, анын 63ү Кымбат Арахова деген судья тараптан изилденген.

Ушундай эле көрүнүш прокурор Нурлан Тагаевде байкалды, 2018-2019-жылдары 69 иш боюнча иш алып барган, анын 58ин Инара Гилязетдинова менен бирге. Гилязетдинова менен Тагаев 2014-жылы да бир иштешиптир.

Полишинелдин сыры

Журналисттер сурамжылаган адвокаттар прокурорлордун судьяларга бекитилишин "жазылбаган мыйзам" жана "Полишинелдин сыры" деп айтып коюшат экен.

Адвокаттардын пикири боюнча, судья менен прокурордун узак убакытка бирге иштешүүсү экөонүн ортосундагы көндүм адатты, ортодогу ишенимди жаратат. Бул сот ондүрүшүндөгү фундаменталдуу принципти бузуп жатат, ал далилтартыш жана тараптардын теңдиги.

Мындай кырдаалда, отурумдун жүрүшүндө адвокаттар азчылык болуп калууда, анткени судья айыптоочунун тарабына туруп, анын катачылыктарын кечип коет.

"Судья менен прокурор узак убакыт бирге иштешип калганда, мындайча айтканда жуп болуп, судья айыптоочудан айыпталуучунун кунөосүн тастыктаган 100 пайыз дилилдерди көрсөт, деп талап кылбайт", - дейт адвокат Бактыбек Жумашев.

Прокурорлордун анча-мынча каталарына көз жумуп коюу бир, бирок соттун чечиминен адамдардын тагдыры коз каранды болуп тургн учур такыр башка. Мындай көрүнүш адвокат Алия Турумбекованын корголуучусу менен болгон.

"Менин бир ишимде судья прокурорду куткарып калган. Ошондо менин корголуучумду мыйзамсыз камакка алып, эч кандай далил жана негизи жок СИЗОдо кармашкан. Судья прокурор тарапка туруп алган, башкача айтканда ал камакка алууну мыйзамдуу деп тааныган. Антпесе, прокурор тергөөчу экөө жумушунан кетип, кылмыш жоопкерчилигине тартылмак", - дейт ал.

Айыптоочу акыйкаттык

Адвокаттар менен прокурорлордун позициясынын теңсиздигин мындан байкаса болот, сот чечимдердин басымдуу бөлүгү күнөлөөгө басым кылат. Аны 2018-2019-жылдары жүргүзүлгөн эки изилдөө да ырастайт. Жогорку соттун расмий сайтында жеткиликтүү болгон базасындагы данныйларга ылайык, 2013-жылдын 2019-жылга чейинки 4 446 түрдүү инстанциядагы соттук токтомдордун 4 255и күнөөлөөчү мүнөздө, актап чыкканы - 166, башкача чечимдер кабыл алган учур болгону - 24.

Өкүмдөрдүн таблицасы менен кененирээк төмонкү документ аркылуу таанышсаңыз болот.

Санариптештирүү куткарабы?

Прокурорлор сөзсүз келиш керек жана соттук отурумдарда балансты сакташ керек болгон учурда ишке прокурорлорду дайындоодо автоматтык системаны киргизүү кырдаалды чечүү жолдорунун бири катары болушу мүмкүн.

Мындай система судьялар үчүн бар - ал иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүу модулу деп аталат. Аны Кыргызстандагы соттордо 2016-жылдын май айынан тарта киргизе башташкан. Автоматтык бөлүштүрүү модулу Евросоюздун жана башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылган.

Автоматтык бөлүштүрүү модулун киргизүүнүн максаты, соттук иш өндүрүшүн жөнөкөйлөтүү, кылмыш иштерди бөлүштүрүүдө ачыктыкты камсыздоо, соттордун кызыкчылыгы жана коррупция менен күрөшүү.

Азыркы тапта бул система бардык биринчи инстанциядагы 64 сотко киргизилген, ал эми экинчи инстанциядагы сегиз соттун экөөндө пилоттук режимде иш алып барууда.

Иштер судьяларга автоматтык түрдө бөлүштүрүлгөнүнө карабастан, "КРдин Жогорку соту жана жергиликтүү соттор тууралуу" Мыйзамында адамдык фактор үчүн баары бир жылчык калат экен - техникалык мүчүлүштүктөр болгондо, соттун төрагасы иштерди өзү бөлүштүрөт.

Юрист Нурбек Токтакуновдун пикири боюнча судьялар үчүн техникалык жактан бузулуу пайдасын эле тийгизет, анткени коррупция үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берет.

"Баш аламан болушу абдан пайдалуу - бул антикоррупциялык механизм, башкача айтканда, компьютер өзү чечет", - дейт ал.

Мындай кооптонууларды отчет берүүчүлөр Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна караштуу Чыгыш Европа жана Борбордук Азия үчүн коррупция менен күрөшүү түйүнү билдиришкен. Өзүнүн 2019-жылдык ортолук докладында Кыргызстандын бийлигине системанын ишине кийлигишүү жана манипуляция кылуу үчүн жоопкерчиликке тартууну киргизүү керектигин айтышкан. Бирок, азырынча, Кыргызстан бул кырдаалды оңдогону тууралуу отчет бере элек.

Коррупциялык тобокелчиликтер

Генералдык прокурор жана мурунку судья Курманкул Зулушев Kaktus.media'га мындай практика эки учурда боло турганын айтты - эгер коррупция бар болсо же эгер саясий өңүттөгү иш болсо.

Ал Кыргызстанда келечекте саясий иштер жана судьялар менен алдын ала сүйлөшүп алуу деген көрүнуш болбой турганын убада кылды.

"Биз прокуратуранын кызматкерлеринин алдында маселе коебуз, судьялар менен же башка күч структураларынын кызматкерлери менен мыйзамдын жана өзүңөрдүн ыйгарым укугуңардын алкагында гана иш алып баргыла, деп", - деди Зулушев.

Кийин, 10-декабрда координациялык кеңеш учурунда Зулушев судьялар өкүм чыгараарда прокурордун пикирине көбүрөөк таяна турганын билдирип, жалаң эле айыптоонун негизинде өкүм чыгарган туура эмес экенин белгиледи.

"Судьялар, прокуратура айыптоону ачыктап, УКМК ишти көзөмөлдөп жатканы үчүн эле өкүм чыгарганыңарды токтоткула. Эгер мындай фактылар байкалса, биз андай иштерди дисциплинардык комиссияга жөнөтөбүз", - деди ал.

"Адилет" Укуктук клиника" коомдук фондунун жетекчиси Чолпон Джакупованын пикири боюнча, мындай система коррупциялык тобокелчиликтерге алып келет жана сот системасын конролго алынышынын өзөгү болушу мүмкүн.

"Анткени бул система оңой эле сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк берип жатпайбы, мындайча айтканда, кезектеги коррупциялык капкан. Себеби, бир эле адам менен иштеше берип, жогору жактагы органдарга буйрук берүү кыйла жеңил болуп калат", - деп эсептейт.

Джакупова учурдагы сот системасына нааразы, анткени сот системасы аткаруу бийликтеги органдардан да, мыйзам чыгаруучу бийликтен да көз каранды.

"Ошондуктан биздин соттор көз каранды, биздин учурда, алар жөн гана мамлекеттик айыптоонун жүйөөлөрүн көчүрүп жазып, адвокаттардын далилдерин эске да алышпайт. Анткени аларды президент дайындайт, анткени ал Сотторду тандоо кеңешин түзөт - үчтөн бир бөлүгүн, УКМК менен прокуратура да анын алдында отурат. Ошондуктан судьяда, процесс учурунда мамлекеттик айыптоодон көз карандысыз болууга мүмкүнчүлүгү жок", - деп эсептейт Джакупова.

Сот реформасынын нормалдуу иш алып баруусу үчүн аларды тандоо процессин, дайындоо жана судьялык корпустан четтетүүнү өзгөртүү зарыл. Соттук системаны коз карандысыз кылып, көзөмөлдөө функциясын толук кандуу колдонуу керек. Андан тышкары, Джакупованын оюу боюнча, көпчүлүк маселелер кадрлардын сапатына да кептелип жатат.

Иликтөө Кыргызстандагы Internews тарабынан ишке ашырылып келген TRACK долбоорунун колдоосу менен аткарылып, редакциянын көз карандысыз иши болуп эсептелинет. Бул материалда айтылган ойлор сөзсүз түрдө Internews'тун жана анын өнөктөштөрүнүн позициясын чагылдырат дегендик эмес.

Тексттин үстүнөн иштешти: Марат Уралиев, Айдана Абдуваитова, Диля Юсупова.

Эл аралык ментор: Инна Кавыржик, Координатор-ментор: Эльдияр Арыкбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/387