Россияда жумушка орношуу. Жумушка орношкондон тартып толук адаптацияга чейин камсыздоо
RU

Россияда жумушка орношуу. Жумушка орношкондон тартып толук адаптацияга чейин камсыздоо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-россиялык иш менен камсыз кылуу борбору кантип жумушка орношуу керектигин айтып берди. Ошондой эле жарандар өз алдынча жумушка орношкондо кандай тобокелчиликтерди күтүүгө болоорун түшүндүрдү.

Кыргыз-россиялык ишке орноштуруу борбору кантип жумушка орношууну айтып берди. Ошондой эле өз алдынча жумушка орношкондо кандай тобокелчиликтерди күтүүгө болорун бөлүштү.

- Биздин жарандардын көбү Россияда иштөө өздөрү эле жумуш таап алышат. Сиздин борбордун аларга эмне кереги бар?

- Өз алдынча ишке орношкондо, абийирсиз жумуш берүүчүгө туш келип калуу коркунучу бар. Мунун айынан эмгек акынын кечиктирилиши, документтердин туура эмес жасалышы, эмгек шарттарынын сакталбагандыгы сыяктуу көйгөйлөр келип чыгат. Биз ишенимдүү жумуш берүүчүлөр менен гана иштейбиз, андыктан мындай көйгөйлөр жаралбайт. Эмгек келишимин Бишкекте түзүп, Россияга келгенде, жумуш издөөгө убакыт коротпой, дароо ишке орношот. Азыр Россияда мигранттарга карата саясат күчөтүлдү. Керектүү документтердин жоктугунан депортацияланып жатат. Бул маселелердин баарына жана пайда болгон көйгөйлөргө жардам беребиз. Эмгек келишими түзүлгөн мезгил аралыкта жумушчуну коштоп турабыз. Ошондуктан адам ар кандай көйгөйлөрдөн алыс болот.

- Сиздин борбор же башка эмгек агенттиктери аркылуу жумушка орношуу канчалык коопсуз?

- Коопсуздук ар бир конкреттүү борбордон же агенттиктен көз каранды. Алардын көбү Кыргызстанда бар. Эгер сиз ошолор менен кетүүнү чечсеңиз, келишимди жакшылап окуп, лицензияны текшерүүнү сунуштайбыз. Россияда аны тосуп алуучулар, каттоого турууга, турак-жай табууга жана жумушка орношууга жардам бере турган туугандар болсо, анда эң жакшы чечим.

- Сидин борбор кандай иштейт?

- Бизде эки кеңсе бар, башкы кеңсе Москвада, экинчиси Бишкекте. Жумуш берүүчүнү деталдуу изилдөө менен башталат. Келишимге кол койгондон кийин, биз талапкерлерди тандоону баштайбыз. Талапкер бош орун жана иштин бардык нюанстары менен таанышкандан кийин Россиядагы жана Бишкектеги өкүлдөр тарабынан келишимге кол коюлат. Россиялык телефон номуру бар сим-карта берилет, келгенден кийин талапкер дароо Москвадагы биздин өкүл менен байланышып, иш берүүчүгө жолуга алат.

- Жумуш издегендерди башка өлкөдө иштөөгө кантип даярдайсыз?

- Бизде окуу борбору бар, анда абитуриенттерди башка өлкөгө жумушка жана жашоого даярдайбыз. Көбүнчө Россияга келгенде эмнеге туш болорун билишпейт. Ошондой эле, алар психологиялык жактан кыйналышат. Биздин борбордо окутуу чет жакка көнүүгө жардам берет. Мындан тышкары, тренингдерде кайсы документтер жумуш берүүчүдөн, кайсынысы өзүнөн талап кылынаары тууралуу маалымат беребиз.

Башка шаарда жашап, жаңы жерде иштегенге көнгөнчө кардарларыбыз менен интернет аркылуу байланышып турабыз. Мунун баары кызматтын баасына кирет, бул үчүн кошумча каражаттар алынбайт.

- Кыргыз-россиялык иш менен камсыз кылуу борбору башка рекрутинг агенттиктеринен эмнеси менен айырмаланат?

- Россиянын аймагында биздин жарандардын толук колдоосуна кепилдик беребиз. Юридикалык консультация менен камсыздайбыз. Эгерде жумуш берүүчүнүн күнөөсүнөн биздин кардар жумушсуз калса же келишимдин шарттары бузулса, ага жаңы жумуш таап беребиз. Биз аркылуу жумуш издөө ишенимдүү жана кепилденген.

- Канча убакыттын ичинде жумуш менен камсыздай аласыңар?

- Биз бош орундарга гана алгандыктан бир нече күндүн ичинде ишке алабыз.

- Россиянын кайсы шаарларынан жумуш таап бересиңер?

- Негизинен Москва, Москва облусу, Санкт-Петербург.

- Кызматыңыз канча турат?

- Биздин кызмат 10 миң сом турат. Бул ишке орноштуруу үчүн комиссиянын суммасы эмес, бул Россиянын аймагында Кыргызстандын жаранынын коопсуздугун жана ар тараптуу колдоосунун кепилдиги.

- Буга чейин Россияда жүргөн жана кандайдыр бир себептерден улам жумушсуз калгандар сиз менен байланыша алабы?

- Ооба. Бизде мындай өтүнүч менен кайрылгандар болгон, аларга жумуш табууга жардам бергенбиз. Кыргыз-россиялык ишке орноштуруу борбору баардыгын күтөт. Кыргызстандын жарандарына Россияга жумушка орношуу боюнча бардык кеңештерди берүүгө даярбыз.

Кыргыз-россиялык иш менен камсыз кылуу борборуна: +996 555 012 002 WhatsApp же +996 700 445 944 номерлери аркылуу кайрылсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3936