Айсулуу Тыныбекова спортчу кыздардын аты ыйгарылган үч эмге белектери менен барды. Видео
RU

Айсулуу Тыныбекова спортчу кыздардын аты ыйгарылган үч эмге белектери менен барды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча чемпион кыздардын ысымы ыйгарылган үч эгизге барды. Видеону окурман жиберди.

Ал бөбөктөргө белектерди да ала келген.

Эске салсак, 4-төрөт үйүнүн бейтабы 5-октябрда кош бойлуулуктун 36-жумасында кесарево жолу менен үч кыз төрөгөн. Ымыркайлардын салмагы 1870, 2160 жана 2170 грамм. Балдар CPAP аппаратынын жардамы менен балдардын реанимация бөлүмүндө болчу.

Туугандары күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарованын урматына кыздардын атын атагылары келгенин айтышкан.

Алардын аттары бирдей башталышы үчүн Мээримдин ысымынын башы Ай-Мээрим деп өзгөртүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3981