Call-борбор: кечке кезек күткөн аял доктурга кол салып, чыр чыгарды (видео)
RU

Call-борбор: кечке кезек күткөн аял доктурга кол салып, чыр чыгарды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты Call-борборго окурман жөнөткөн.

"Бүгүн түндө, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда чыр-чатак чыкты. Узун кезекте күткөн аял чыдабай, баласынын дене табын түшүрүп берүүнү талап кылган.

Ал жактагы балдардын температурасы көтөрүлүп өлүп кала жаздашты, айрымдарынын коридордон эле тарамышы түйүлүп, эсин жоготушту. Балдары менен келген кишилер толтура: доктурлар орун жок деп жатышат. Температураны түшүрө турган дары да беришкен жок. Саламаттык министрлигине кайрылгыла, деп коюшту. Болгону эки дарыгер элди кабыл алып жатты", - деп окурман нааразы болду.

Видеодон аялдын ачуу кыйкырып салып жатканын көрүүгө болот. Дарыгер ооруган баласы менен кайрылып келген аялга "Температураны түшүрө албайсыңбы, төрөбөй эле кой! -деп кыйкырган. Эмнеге төрөбөйм?" - аял ачуу кыйкырып, доктурду түрттү. Ортого жанындагылары түшүп, арачалап калышты.

Видеонун автору бул көрүнүш республикалык ооруканада болуп жатат, түнкү саат 12, 19-октябрь, деп айтат.

Белгилей кетсек, редакция оорукананын администрациясынан комментарий алууга аракет кылды. Бирок алар бири-бирине шылтап, окуянын чоо-жайын айтып бере турган кишини таппай коюшту. Kaktus.media редакциясы бул боюнча медиктердин пикирин угууга даяр.

Кийинчерээк Эне жана баланы коргоо борборунун хирургия бөлүмүнүн башкы дарыгери Улан Садыков байланышып, ошол түнү бейтаптар адаттан көп кайрылганын билдирген.

"Эки дарыгер нөөмөттө туруп, кезектегилерди тейлеп жатышкан. Бирок бир учурда адаттан тышкары көп адам кайрылып, экөөлөп жетишпей калышкан. Так ошол маалда жогорудагы чатак орун алган. Андан кийин дагы эки дарыгер кошулуп, алардын катарында мен дагы, балдарды кабыл алууга жардам бергенбиз. Бул факт боюнча милиция чакыртылып, алар конфликттин эки катышуучусунун арыздарын кабыл алды", - деп дарыгер айтып берди.

Садыков белгилегендей, учурда Эне жана баланы коргоо борборунда үчтөн кем эмес дарыгер нөөмөткө чыгат.

"Биз өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал начарлаганына байланыштуу жумуш эргүүсүндө жүргөн адистерибизди да чакыртып алдык", - деп Садыков түшүндүрмө берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3982