Жол бошотуп бербегени үчүн эркек киши аялды муштаган (видео)
RU

Жол бошотуп бербегени үчүн эркек киши аялды муштаган (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media'га 24 жаштагы Жайнагүл кайрылган. Аны автозаправкада белгисиз эркек киши муштап соккон.

Окуя ушул жыдын 1-сентябрында болгон. Жайнагүл Май куючу жайга кирип, өз кезегин күтүп жаткан.

"Ал күнү заправкада унаалар өтө көп болчу. Мен жайдары эле кезегимди күтүп жаткам, артымда турган эркек киши алдыга жылбайсыңбы, деп кыйкыра баштаган. Мен алдымдагы машинени күтүп жатам, ал кетээри менен мен да жылам, деп кыйкырдым. Андан кийин ал машинеден чыгып, мени муштап урду. Мен эмне болгонун түшүнгөн да жокмун, машинеден чыга калып, бардыгын камерага тарта баштадым. Ошол эле күну ооруканага кайрылып, медэкспертизадан өттүм. Алар мага дарыларды жазып беришти", - деп Жайнагүл болгондорду эстеди.

Дарылоо курсун өткөнүм менен жакшы боло элекмин.

"Башым аябай ооруп жатат, укол алып, дарылоо курсун толугу менен өттүм. Бирок абалым оңолбогонунан кайрадан доктурларга кайрылдым. Көрсө окуя болгон учурда бир айлык боюмда бар болчу экен. Күчтүу антибиотик ичип, стресс болгондуктан бойдон түшүп калуу коркунучу жаралды. Ошонун айынан ооруканага жатып чыктым", - деп жабыркаган аял айтып берди.

Бул иш КЖБРге катталып, №4 ГОМдо. Тергөөчү ошол кишинин туугандары менен беттештирди (очная ставка). Шектелүүчү өзү милициянын айткандарын кулагына да илбестен, келбей эле койду.

"Беттешүүгө анын апасы менен иниси келиптир. Апасы уулу үчүн кечирим сурады. Акыркы күндөрү аябай нерв болуп, ачуусунун бардыгын менден чыгарды деп актады. Милициядан тышкары жолугуп, өзүнчө эле чечишип алалы деп сунушташты. Мен макул болгон жокмун. Баласы өзү келип, менден кечирим сурасын, деп талап кылдым. Эмнегедир бир жарым айдан бери милиция кызматы аны ГОМго жеткире албай коюшту", - деп Жайнагүл нааразычылыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4006