"Досумдун тоюнда көргөм". Төрт жигит 18 жаштагы кызды уурдап кетишкен
RU

"Досумдун тоюнда көргөм". Төрт жигит 18 жаштагы кызды уурдап кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

19-октябрда, 2003-жылы туулган Б.Г. атту кызды бир нече белгисиз жигиттер уурдап кетишкенин Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө кабарлашкан. Арыздануучулар окуя Киргшелк айылындагы көчөлөрдүн биринде болгонун айтышат. Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы тергөө-ыкчам тобу дароо уурдалган жерге жөнөп кетишкенин билдирди.

Милиция кызматкерлери уурдалган кызды Токмокко алып кеткенин аныкташкан. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин "Үйлөнүү максатында адам уурдоо" беренеси менен катталып, кылмышка шектүү 1998-жылкы С.А., 1991-жылы туулган Т.М., 1999 -жылкы Т.К жана 1999 -жылы туулган С.М. аттуу жарандар кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын 17-октябрында уурдалган кыз курбусунун тоюна барган. Ошондо жигиттердин бири менен таанышып калган. Жаш жигит достору менен келип, кыз макулдугун бербесе да ала качып кеткен.

Учурда Б.Г. коопсуз жерде, полиция аны ата энесине өткөрүп берди. Шектүүлөр Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4014