2022-жылдан тартып салык отчетун тапшыруу үчүн электрондук кол тамга колдонулат
RU

2022-жылдан тартып салык отчетун тапшыруу үчүн электрондук кол тамга колдонулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Электрондук салык отчетун 2021-жылдын 1-апрелинен тартып уюмдар, 2022-жылдын 1-январынан тартып жеке ишкерлер Salyk.kg "Жеке кабинети" аркылуу берүүгө милдеттүү болушат. Бул тууралуу МСКнын басма соз кызматы маалымдады.

Салык отчетторун берүү үчүн Salyk.kg сайтында тийиштүү арызды толтуруп, басып чыгарып, каттоодон өткөн жери боюнча салык органына тапшыруу жетиштүү. Андан кийин "Жеке кабинетке" кирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Кирүүгө мүмкүнчүлүк алгандан кийин отчет тапшырууга жана башка онлайн салык кызматтарын толугу менен акысыз пайдаланууга болот.

Ошол эле учурда, уюмдар (дыйкан же фермердик чарбалардан тышкары) 2022-жылдын 1-январынан тартып квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуп салык отчетун берүүгө милдеттүү болушат.

Эскерте кетсек, буга чейинки бекитилген мөөнөттөргө ылайык, уюмдар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып квалификациялуу электрондук кол тамганы пайдаланууга милдеттүү болушкан. Ал эми КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар 2019-жылдын 1-июлунан тартып электрондук салык отчетторун берүүдө квалификациялуу электрондук кол тамгасын колдонушууда.

Кененирээк маалыматты sti.gov.kg сайтынан же 116 номери аркылуу алууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/404