ӨКМ: Бишкекте "Кайнар" рестораны өрттөнүп жатат. Ресторан бардыгы жайында деп билдирди
RU

ӨКМ: Бишкекте "Кайнар" рестораны өрттөнүп жатат. Ресторан бардыгы жайында деп билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Сухэ-Батор көчөсүндөгү "Кайнар" рестораны өрртөнүп жатат. Маалыматты Kaktus.media редакциясына ӨКМ тастыктады.

Ведомоствонун басма сөз кызматы берген маалыматына ылайык, өрттү өчүрүү үчүн бир өрт өчүрүүчү бригада эртең мененки саат 8:40та жөнөп кеткен. Саат 09:00до өрт чектөөгө алынып, 09:21де толугу менен өчүрүлгөн, деп маалымат берлиген.

Кийин ресторандын ичи түтөп, жалпысынан мекеменин эч жери жабыркабаганы айтылган.

"Кайнар" ресторанынын администратору Дамира Шарипбекованын Kaktus.media'га берген маалыматына ылайык, эч кандай өрт чыккан эмес, жөн гана имараттын ичи түтөп кеткен.

Анын айтымында, ресторандын кондитердик бөлүмүндө илинип турган лампа, чак-чактын үстүнө түшуп кеткен, ошондон улам түтөп баштаган. Кызматкерлер өрт өчүргүчтөрдү чакыртып, алар дароо келип, бардыгын көзөмөлгө алышкан.

Учурда ресторан штаттык режимде иштеп жатат. Бүгүнкүгө куран окутуу белгиленген.

Администрация конокторуна сарысанаа болбой эле койгула деди. Ресторан жабыркаган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4070