Эркек киши курулуп жаткан үйдүн чокусуна чыгып алды. Өзүн таштайм деп жатат окшойт. Фото
RU

Эркек киши курулуп жаткан үйдүн чокусуна чыгып алды. Өзүн таштайм деп жатат окшойт. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көргөндөр Kaktus.media редакциясына Сүйөркулов жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан имараттын чокусуна эркек киши чыгып алды, деп билдиришти. Ал секирем деп коркутууда.

Эркек киши салынып жаткан үйдүн эң үстүңкү кабатына чыгып алган, тагыраак айтканда арматурасына.

Окуя болгон жерде Октябрь РИИБсинин нөөмөт кызматы бар. Андан тышкары беш куткаруучу жөнөтүлгөн.

Күбөлөрдүн айтымында, эркек кишинин ошол жерде турганына эки сааттан ашты. Мындан мурун ал телефонун жана тыйындарын ыргытып жиберген. Милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрду жүргүзүүдө.

Бишкекттин ИИБси Kaktus.media'га берген маалыматына ылайык, учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда. Такталган маалымат кийинчерээк берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4077