Сооронбай Жээнбековдун мурдагы басма сөз катчысы Маданият министринин орун басары болду
RU

Сооронбай Жээнбековдун мурдагы басма сөз катчысы Маданият министринин орун басары болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Чыңгыз Эсенгулов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болду. Бүгүн, 27-октябрда президенттик аппараттын бөлүм башчысы Алмаз Исанов аны эмгек жамаатына тааныштырды.

Кезинде Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы болуп иштеген Эсенгулов эми маалыматтык жана этникалык саясат маселелерин көзөмөлдөйт.

Чыңгыз Эсенгулов 1987-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча аяктаган. Кийин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында билим алган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

  • 2006-жылы "Теңир-Тоо" радиосунун кабарчысы жана алып баруучусу.
  • 2006-2007 - "Алмаз-Нарын" радиосунун кабарчысы жана алып баруучусу.
  • 2007-2008 - КТРКдагы "Ала-Тоо" программасынын кабарчысы; Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын консультанты.
  • 2008-2009 - "БАМ" ЖЧКсынын программаларынын редактору жана алып баруучусу.
  • 2009–2011 - КТРКда "Ала-Тоо" программасынын редактору жана алып баруучусу, ошол эле учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз катчысы.
  • 2011-2012 - Транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси.
  • 2012–2013 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият боюнча атташеси.
  • 2013–2016 - "Актив-Курулуш" ЖЧКсынын директору.
  • 2016-жылдын май айынан бери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат башчысынын басма сөз катчысы.
  • 2017-2020 - Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4080