Акыркы бир жылда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге элдин ишеними кандайча өзгөргөн?
2020-жылдын август айында Садыр Жапаровго кыргызстандыктардын 7%ы ишенчү, өткөн жылдын декабрь айында ишенимдин көлөму 51%га чейин жеткен. Ал эми быйылкы жылдын сентябрына карата президентке ишеним арткандар 35%ды түзөт. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун (IRI) акыркы жүргүзгөн беш сурамжылоосу күбөлөндүрүп турат.
Камчыбек Ташиевге өткөн жылдын август айында Кыргызстанда жашагандардын 12%ы ишенишчү, декабрда - 11%, 2021-жылдын июлунда - 24%, сентябрда - 20%.
Графикте көрүнүп тургандай, жогоруда аталган саясатчылардын бирине ишеним жогоруласа экинчисине кескин түшүп кетет, жана тескерисинче.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/4114