"Жерлерибизди тартып алганы жатат!" Ак-Ордо-2 айылынын тургундары митингге чыгышты. Видео
RU

"Жерлерибизди тартып алганы жатат!" Ак-Ордо-2 айылынын тургундары митингге чыгышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-октябрда Сокулук районунун Новопавловка айылындагы "Ак-Ордо-2" турак жай массивинин тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Митингчилердин айтымында, "Акыйкат айым" коомдук фонду конуштан сатып алган жер тилкелерин тартып алуу аракетин көрүүдө.

Митингчилердин бири Асел Исакова жер тилкелери сатылып алынганын, тургундардын тиешелүү актылары бар экенин билдирди. "Бул тилкелерге үйлөр курулуп, электр жарыгы тартылды. Ага карабай коомдук фонддун жетекчиси жергиликтүү депутат жана президенттик аппараттын өкүлдөрү менен биргеликте бул жерлер бош деп акт түзүшкөн", - деди ал. Ал кошумчалагандай, бул актынын негизинде коомдук фонд бул жерлерди өз мүчөлөрүнө бөлүштүрүүнү чечкен.

Кеп турак-жай аймагындагы 150 жер тилкеси жөнүндө болуп жатат.

"Райондор аралык сот биз жок өттү, бирок, биз облустук соттон утуп алдык, Жогорку Сотту да бизсиз өткөрөбүз деп аракет кылышты, бирок, МКК үчүнчү тараптын катышуусун талап кылды. Процесс 25-ноябрда болот. Биз адилеттүүлүктү талап кылабыз. Мыйзамдуу түрдө өз акчабызга сатып алган жерибизди эмне үчүн таратып салышты?" - деп ачууланды чогулуштун дагы бир катышуучусу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4116