Сыймык Жапыкеев мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды
RU

Сыймык Жапыкеев мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финпол "Не сахар" долбоору менен биргеликте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын дагы бир кампасын тапты. Бул тууралуу ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө жазылгандай, 2021-жылдын 12-январында, Финансы полициясынын

кызматкерлери "Не сахар" долбоору менен биргеликте дагы бир кампаны таап, анда 2018-жылга чейин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, көп өлчөмдөгү кондитердик азыктар (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) сакталып турганын аныкташкан.

Андан тышкары, чыгарылган күндү оңдош (өзгөртүш) үчүн мөөрлөр, тышында жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган жана алынган. Кампа бекитилип, сыртынан мөөр басылды.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жүрүшүн ЭККМКнын төрагасы Сыймык Жапыкеев өзү көзөмөлгө алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/411