Депутаттыкка талапкер карылардын добушун тамак-аш менен сатып алган деп айыпталууда
RU

Депутаттыкка талапкер карылардын добушун тамак-аш менен сатып алган деп айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттыкка талапкер Кубанычбек Мамыров 1-октябрь карылар күнүндө "Күн шооласы" карылар үйүнө барып, азык-түлүк пакеттерин тапшырганын Facebook баракчасына жарыялаган. Ал жакка Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, "Кемин Ынтымагы" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен барган.

Мамыров №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Сүрөттөр БШКнын оперативдүү чара көрүү координациялык тобунан алынган.

Сүрөттө Мамыровдун кары-картаңдарга азык-түлүк баштыгын тартуулап, алар менен активдүү сүрөткө түшүп, бата алып жатканы чагылдырылган.

Интернет колдонуучу "Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу" боюнча шайлоо мыйзамдары бузулганын, ошондой эле КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси бузулганын айтууда.

Эгер талапкер же партия бул тууралуу маалыматка комментарий берүүнү кааласа, анда төмөнкү телефон номерлерине кайрылса болот:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4133