Садыр Жапаров саммит өтө турган борборго келди. Аны ким тосуп алды
Бүгүн, 1-ноябрда Садыр Жапаров Глазгодогу SEC Шотландия көргөзмө борборуна келди. Ал БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.
Борбордун имаратынын кире беришинде Кыргызстандын президентин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон тосуп алышты.
Эскерте кетсек, 31-октябрда Садыр Жапаров кыргызстандык делегациянын башында Глазго шаарына учуп кеткен. Ал эми эртең, 2-ноябрда ал Дүйнөлүк лидерлер саммитинин пленардык жыйынында билдирүү жасайт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/4148