Роза Отунбаева президент кезинде Нью-Йоркко кантип учуп барган эле?
RU

Роза Отунбаева президент кезинде Нью-Йоркко кантип учуп барган эле?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун жеке менчик учак жалдап Глазгого учуп баруусунун фонунда социалдык тармактын колдонуучулары, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева чет элдик иш сапарларына катардагы рейстик учак менен барып келип жүргөнүн эскеришти.

Белгилей кетсек, бул Отунбаеванын башынан карманган жеке позициясы болчу. Ал президент болуп турган кезде өзүнө сарпталган каражатты кыйла кыскарткан. Президенттин басма сөз кызматы да бул позицияны активдүү жарнамалашкан. Роза Отунбаева кадимки учак менен учуп, жол бою салондогу жарандар менен баарлашып, алардын Кыргызстан тууралуу пикирин кызыгып, сурап турчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4151