Call-борбор: Жол белгиси турган жерди басып алган. Мэрия мыйзам бузууларды тапкан жок
RU

Call-борбор: Жол белгиси турган жерди басып алган. Мэрия мыйзам бузууларды тапкан жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-октябрда окурман Call-борборго маалымат жөнөткөн.

"Ушинтип эле жерди басып алышабы? Осмонкул көчөсү менен Жданов көчөсүнүн кесилишинен жерди тосуп алышкан. Анын үстүнө ал жерде жол белгилери да коюлган", - дейт Бишкек шаарынын тургуну.

Бүгүн, 2-ноябрда, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, көчөгө бетон блокторду орнотуунун жагдайын тактоо үчүн окуя болгон жерге,Осмонкул көчөсүнө УЗС адиси барган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

No1030400170275 идентификациялык коддуу техникалык паспортуна ылайык, жер тилкесинин чек арасын бузуу фактылары жок экендиги аныкталган. Жол белгисинин мыйзамдуулугу боюнча суроолор боюнча тиешелүү кызматтарга кайрылуу сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4152