"Ата Мекендин" ролигинде "Теке" ыры жаңырат. Ырдын авторлору бул боюнча кандай пикирде?
RU

"Ата Мекендин" ролигинде "Теке" ыры жаңырат. Ырдын авторлору бул боюнча кандай пикирде?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ социалдык тармакта "Ата Мекен" партиясынын агитациялык ролиги пайда болгон. Анда кыргызстандык рэперлердин "Теке" деген ыры жаңырат.

2017-жылы Бегиш менен Баястан "Теке" деген ырын чыгарышкан. Анда жаштарга кыялыңа умтулуп, таза иштесең, эл менен бир болсоң максатыңа жетесиң деген ойлор айтылат.

"Ата Мекен" партиясы бул ырды колдонуп агитациялык ролик тарткан.

Кийин Бегиш өзүнүн Instagram баракчасына бир да партияга бул ырды колдонууга уруксат бербегенин жазган.

"Ата Мекен" партиясы бул боюнча Kaktus.media'га комментарий берди.

"Ролик мурда эле тартылган, бирок биз аны жарыялай элек болчубуз, анткени уруксатты күтүп жатканбыз. Ырдын эки автору бар - Бегиш менен Баястан. Биз Бегиш менен байланыша алган жокпуз, анткени ал өлкөдө эмес экен. Бизге уруксатты Баястан берди. Ал офиске келип, уруксат бергенин кат жүзүндө жазып кеткен. Биз автордун жазуу түрүндөгу уруксатын алгандан кийин гана юристтер менен кеңешип роликти чыгардык. Анда бардык данныйлар берилген, БШК бекитип берген шайлоо фондунан акчасы төлөнгөн", - деп партиядан билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4167