"250 миң алган күнү деле бир тагдырдын астында эмне?" Жапыкеев Мелис Аспековго болушту
RU

"250 миң алган күнү деле бир тагдырдын астында эмне?" Жапыкеев Мелис Аспековго болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчиси, октябрь окуяларынын активдүү катышуучусу Сыймык Жапыкеев учурда камакта отурган Мелис Аспековго болушту.

Жапыкеев Садыр Жапаровго кайрылып, "түнкү 2:30да уктабай сизге кайрылуунун туура көрдүм" деп жазган.

"Мен Мелис Аспеков менен мамилем деле жок, мен ушул жигит менен сиздин апаңыз кайтыш болгондо Түптөн похорондон таанышкам. Сиз жөнүндө сизди мактап бүтпөйт эле, сиздин эң биринчилерден тарапташыңыз, иниңиз, партиялаш, жакшы саналаш катары билчүмүн. Мени бир нече жолу "Мекенчил" партиясына чакырган. Болду андан башка митингдерден эле көрчүмүн. Акча, бийлик тууралу эч сүйлөшкөн да эмеспиз. Мени сыйлайм деп калчу. Башка ортобузда бир доллар ойногон эмес.

Былтыр революция күнү эң чырылдаган ушул жигит эле, сизди түрмөдөн чыгарыш үчүн абдан чоң мээнет кылганын билем. Жанынызда бир айга жакын жүрдү, анан эле камалды 250 миң Дашковтон алды деп камалганын уктум, интернеттен көрдүк. Чынында кандай болгонун билбейбиз.

Бирок, 250 алган күнү деле, акча келтирилген ущерб нак тергөөдө турат да, жоголгон жок. Бир тагдырдын астында эмне? Ден соолугу нервтин айынан өтө начарлап кетти деген маалыматты ютубдан көрдүм.

Менин жеке оюм, урматтуу Садыр ава, Садыр Нуркожоевич өтүнөт элек, ушул жигитке жаман болду түрмөдө, түрмөдө жылан жатпасын, Мелиске ырайым көрсөтүңүз, камактан чыгарып берсеңиз туура болмокко деген ойдобуз. Менимче Мелис Аспеков жаман жигит эмес. Кандай болгон күнү да бул сиз үчүн мени менен да телефондон катуу урушканбыз.

Түрмөдө жатып чарчап калса балдары үй бүлөсүнө убал. Ырайымдуулук, кечиримдүүлүк, айкөлдүк көрсөтүңүз. Урматтуу Садыр Нуркожоевич. Үй камагына чыкса дурус болот эле" - деп Facebook баракчасына Сыймык Жапыкеев жазган.

Эске салсак, Мелис Аспеков менен Улан Жураев үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын жооптуу кызматкерлеринен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Мамлекеттик коопсуздук комитети жана жетекчиликке каршы митингдерди уюштуруу боюнча. Улан Жураев үй камагына чыгарылган. Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге которулган, ал күнөөсүн мойнуна албайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4168