Денесин кескилеп, ага туз сээп... 19 жаштагы баланын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланбай калган
RU

Денесин кескилеп, ага туз сээп... 19 жаштагы баланын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланбай калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кылым шамы" коомдук фонду (КФ) көп жылдар бою ачылбай келген иштерди козгой баштады. Бул адистердин жана юристтердин көңүлүн буруу максатында жасалууда.

Мындай иштердин бири 19 жаштагы Сайид-Али Ибрагимовдун өлтүрүлүшү. Анын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланбай калган.

Бул окуя кандай болгон?

2009-жылдын 28-майында "Кылым шамы" КФсына Сайид-Али Ибрагимовдун Убактылуу кармоочу жайда абагында өлүмүнүн жагдайларын иликтөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү келип түшкөн.

2008-жылы Сайид-Али досу менен бирге киши өлтүрүүгө шектелип, Кара-Балта шаарындагы милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Апасынын айтымында, милиция кызматкерлери анын колуна кишен салып сууга тумчуктуруп, сабап, башына тапанча такап, "качууга аракет кылганда өлтүрөбүз" деп коркутушкан. Анын башка, бөйрөк тарапка жана көкүрөкко урушкан.

Кийинчерээк Ибрагимов ата-энесине жөнөткөн каттарында беш түрдүү кылмышты мойнуна алууга аргасыз болгонун билдирген. Анын айтымында кызматкерлер өлтүрөбүз муну эч ким билбейт деп коркутуп, башына суусу бар бөтөлкө менен уруп, таманын дубинка менен тээп, тырмактарынын астына ийне сайган. Аны СИЗОго алып барганда милиция кызматкерлери эсин жоготконго чейин тынымсыз сабап турууга буйрук беришкен.

"Кылым шамы" КФнын негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына "Сайид-Алинин иши" боюнча: "Ошол кездеги милиция кызматкерлеринин адам өлтүрүүнү мойнуна алуу ыкмаларын уккан адам үрөйү учат, анын бирөөсүн гана айта кетейин. Сейид Алинин мойнун устара менен кесип, туз себишкен. Ичеги ачык калганда кайра скотч менен ороп салышкан".

Өлөөрүнө 3 саат калганда Ибрагимов апасына телефон чалып, окуянын баарын айтып берип, сотто айтып берүүнү убада кылган.

6-апрелде Сейид-Али өлтүрүлгөн. РОВД Ибрагимов камерада асынып, өз жанын кыйганын билдирген. Бирок аны кантип жасаганын эч ким көргөн эмес.

Маркум менен бирге отурган адам түшүнүк катында ал камерага киргенде Ибрагимов полдо жатып калганын жана анын үстүндө асынып алган изи жок экенин жазган. Адвокат ошондой эле күбөнүн көрсөтмөсүнөн Ибраимовду камерага алып келишкенин, андан кийин гана анын ошол жерде турган жуурканынан лента кылып кесим айрып алганын белгиледи.

Кийин Сайид-Али өлтүргөн адамды башка бирөө өлтүргөнү белгилүү болуп, аны кармашкан.

Милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

"Тергөө бүтүп, иш сотко өткөрүлүп берилген. Райондук сот бир жактуу позицияны карманып, Чүй облустук сотуна кайрылдык, облустук сот ишти Жайыл райондук сотуна кайтарды.

Бир нече ай өттү. Райондук сотко барганыбызда иштин материалдары келе электигин айтышты. Ал эми Чүй облустук сотуна кайрылганыбызда иш материалдары жөнөтүлгөнүн билдирди. Ошентип эки соттун ортосунда бир нече милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иши токтотулду",-деп билдирди "Кылым шамы" КФ.

Он жыл өттү. 19 жаштагы баланын өлүмү үчүн эч ким жазаланган эмес. Укук коргоочулар бул кылмыш иштери утулуп калган жалгыз учур эмес экенин белгилешүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4169