Байсалов Глазгодо интервью берди. Өнүккөн өлкөлөр Кыргызстанга жардам берүүгө милдеттүү
RU

Байсалов Глазгодо интервью берди. Өнүккөн өлкөлөр Кыргызстанга жардам берүүгө милдеттүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шотландиянын Глазго шаарында өткөн Климаттык саммиттин алкагында Эдил Байсалов БУУнун секретариатына интервью берди.

Kaktus.kg министрлер кабинетинин орун басары берген интервьюнун урунттуу жерлерин бөлүп алды.

Саммитке Борбор Азиядан биздин эле президент барды

Биз климаттын өзгөрүүсүн адамзатка келтирилген эң чоң коркунучтардын бири деп билебиз, биз үчүн бул өтө маанилүү маселе. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен президент баштап келген жападан жалгыз делегация болду.

Кыргызстан көмүр кычкыл газын таштоону 70%га кыскартты

1990-жылдан бери Кыргызстан атмосферага көмүр кычкыл газын таштоону 70%га кыскарткан. Анткени буга чейин иштеп жаткан индустриалдык база жана башкалар кыскартылган.

Мөңгүлөрдүн ээрип жатканына трансулуттук компаниялар күнөөлүү

Кыргызстан бардык деңиздерден эң алыс жайгашкан тоолуу өлкө, бизде чоң гидроресурс бар, бирок биздин мөңгүлөр ээрип жатат. Ага эл жана айрым трансулуттук корпорациялар кунөөлүү. Тилекке каршы, алар 30 жыл биздин табиятыбызга көңүл кош мамиле жасашкан.

Жашыл экономиканы өрчүтөбүз

Биз кичи ГЭСтерди куруу долбоорун баштадык, чоң ГЭСтерди куруу потенциалыбыз ишке ашырылбаган тейден турат. Биздин өлкө эл аралык инвесторлор менен кызматташып, жаңы плотиналарды куруу үчүн чоң капитал тартуу боюнча иш алып барат. Биз бир жылдын көпчүлүк учурунда күн тийип турган аймакта жайгашканбыз, ошондуктан күн жана шамал станцияларын курушубуз керек. Таза энергетиканын бардык түрлөрүн өздөштүрүп, жашыл экономиканы өркүндөтөбүз.

Биздин эсебибизден өз маселелериңерди чечип алгыңар барбы?

Ошол эле учурда, биз акыркы 300 жылдан бери асманды болушунча булгап келген өлкөлөргө үмүт артабыз. Алар кылган иши үчүн жоопкерчиликтен качпаса керек. Мындай көйгөйлөрдү жакыр өлкөлөрдүн эсебинен чечкен болбойт. Биз адамзатын сактап калуу үчүн өнүгүүдөн баш тартып, табигый корукка айланууга милдеттүү эмеспиз. Биз эл аралык коомчулукка кайрылабыз, өлкөбүздүн аракетин жана элибиздин өзгөрүп жаткан климатка көнүшүп кетүүсү боюнча кылган аракеттерине адилеттүү компенсация берет деп ишенебиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4175