"Жаңы тарыхтын сабактары эсибизде". Акылбек Жапаров шайлоо жана Байсалов жөнүндө
RU

"Жаңы тарыхтын сабактары эсибизде". Акылбек Жапаров шайлоо жана Байсалов жөнүндө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эдил Байсаловдун жаңы парламент тууралуу айткандарына комментарий берип, шайлоо боюнча ой бөлүштү.

- Акылбек Үсөнбекович, жакында эле сиздин орун басарыңыз Эдил Байсалов жаңы парламент аткаруу бийлик үчун эч нерсе болбой калат деген пикирин айтты. Сиз аны менен макулсузбу?

- Мен өзүмдүн орун басарымдын сөздөрүнө комментарий берүүнүн өзү этикага ылайык келбейт деген ойдомун. Бирок эки тарапта тең болуп көргөн кишидей пикиримди айтсам - чындык ар дайым орто ченде болот деп айта алам.

- Демек, Байсалов туура дагы туура эмес дагы сүйлөдүбү?

- Ошондой деп айтса да болот. Чынында, сөз талашуу учурунда айтылган кепти туура түшүнүш керек. Мурунку система көп эле учурда аткаруу бийлигин тушап турчу. Министрлер кабинети бир идея үчүн иштеген бир команда боло алган жок. Бул партия, уруулардын, топтордун өкүлдөрүнөн турган винегрет болчу. Мындайда каяктагы ийгилик? Депутаттар министрлерди, алардын орун басарларын кысымга алып туруп алышты. Көп эле учурда мамлекеттик кызыкчылык үчүн эмес, жеке кызыкчылык үчүн иштешчү. Бул көрүнүш жогорку рангтагы чиновниктерде коркуу сезимин жаратты. Портфелдерди партия системасы менен бөлүштүрүү бийликке компетенттүүлүгү төмөн адамдарды алып келди. Көпчүлүгүнүн бул тармакта иш тажрыйбасы да жок.

- Көпчүлүк бул шайлоонун таза өтүшүнө ишенбейт. Фаворит-партиялар бар, ошолорго басым жасалат, деп айтышууда.

- Бул негизсиз күмөн саноолор. Президент бул боюнча көп эле айтпадыбы. Бийлик шайлоонун жүрүшүнө кийлигишпейт. Эл өзү чечет. Кандай деңгээлдеги аткаминер болбосун административдик режимди колдонгону байкалса, дароо ишинен айдалат.

Ошондо бийликке парламентке ким келсе да бары бир болуп калабы?

- Жок, бары бир эмес. Бийликти ашыкча идеалдаштырган да болбойт (күлүп). Албетте, биз Жогорку Кеңеште кызматташууну каалаган тарапташтар, санаалаштар, пикирлештер бар. Бул адамдык мамиле катары алып караганда да саясий жактан да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул бардык өлкөлөрдө, ар дайым болуп келген нерсе.

Бирок, бул биз аларга мыйзамды бузуп, адилеттүүлүкту сактабай жардам беребиз дегендик эмес. Жаңы тарыхыбыздын сабактары эсибизде, мындай оюндар кандай натыйжага алып келээрин билебиз. Элибиз жер менен баспай калган бийликти алып салганына бир эле жыл болду .

Биз бутубузга бек туруп, жер менен басабыз. Ийгилик, жана көпчүлүктүн колдоосуна башыбыз айланбайт. Анткени биздин демократия - көпчүлүктүн диктаты менен болуу эмес, азчылыкты коргоо.

Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда эң таза шайлоо өтөт. Бийлик шайлоо процессине такыр кийлигишпейт. Биздин миссия, болушунча таза атаандаштык чөйрөнү, бардык жерде мыйзамдын өкүм сүрүүсүн камсыздап берүү.

Сиздин айткандарыңыз шайлоонун жыйынтыгына бардыгы канааттанат дегендикпи?

- Жок, албетте. Бардыгы натыйжаларга канааттанбайт. Шайлоонун экинчи тарабы да бар - катышуучулар. Алар мандат үчүн кандай күрөш жүргүзөт? Кандай ресурстарды колдонот? Эмнелерге басым кылышат? Партиянын программасына же жагымдуу PR-кампанияга, элге таанымал болуп калганына же аброюна, лидерлерине же партия мүчөлөрүнө, балким, финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө, башкача айтканда, добуштарды сатып алууга. Албетте, мындайда нааразычылыктар, каршылык акциялары, адилеттүүлүктү издегендер ж.б. болбой койбойт. Бирок бийликтин буга эч бир тиешеси болбойт. Биздин миссия - бардык конфликтерди адилеттүү, укук талаасында, сот аркылуу чечүү.

- Учурда жаңы Конституция боюнча шайланган парламенттин эч кандай ыйгарым укугу болбойт, ошондуктан ага кирүүгө аракет кылып, убакыт жана ресурс коротуунун зарылчылыгы жок деген ойлор айтылууда.

- Бул чоң жаңылыштык. Конституция - негизги мыйзам, анын чегинде өлкө иш алып барат. Бул жагынан алып караганда Конституция өлкөнүн алдында азыр турган маселе жана көйгөйлөрдү чечүүгө ылайык болуш керек. Менин пикирим боюнча, бардык учурга ылайык келген абстрактуу конституция болбойт. Тынч күндөрү кабыл алынган мыйзамдар согуш мезгилине ылайыксыз. Биздин өлкөбүз эле эмес, бүт дүйнө оор күндөрду баштан кечирип жатат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин салынган пайдубал урап жатат. Биз псевдопартиялардын, уруулардын жана топтордун диктатын токтотушубуз керек. Алардын экономикага жана мамлекетти башкарууга кийлигишүүсү өлкөбүзгө болуп көрбөгөндөй терс кесепеттерди алып келди. Анын өнүгүүсүн токтотту. Ошондуктан элибиздин басымдуу бөлүгү Конституциянын жаңы редакциясын колдоду.

Бирок жогоруда айтылгандар парламенттин орду төмөн болот дегендик эмес. Тескерисинче, аткаруу бийлиги элдин парламенттеги өкүлдөрү менен максималдуу тыгыз кызматташат. Ар бир депутаттын пикирине көңүл бурулат. Ушундай жол менен гана аткаруу бийлиги чындыктын максималдуу көрүнүшүн камсыздайт, оңдолгус каталарды кетирүүнүн алдын алат. 28-ноябрда эл шайлагандардын негизги миссиясы ушундай деген ойдомун. Барыбыздын максатыбыз бир - келечекке кадам таштаган, өнүгуп өскөн Кыргызстан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4176