20 жаштагы студентти ноутбук үчүн мыкаачылык менен өлтүргөн. Күнөлүү азыр эркиндикте
RU

20 жаштагы студентти ноутбук үчүн мыкаачылык менен өлтүргөн. Күнөлүү азыр эркиндикте

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2018-жылы Kaktus.media 20 жаштагы Фарид Авазовду өлтүргөн Василий Безродный абактан бошотулганын жазган (ал 23 жылга эркинен ажыратылган). Ага ошол кездеги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ырайым кылган.

Ошол убакта коомчулуктун нааразычылыгынан кийин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бир аз шектенүү жаралса эле соттолгондорго карата бардык ырайымдарды четке кагып жатканын билдирген. Анда ал ырайым берүү комиссиясы туура эмес кылганын белгилеген.

Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, Безродный кайрадан камакка алынып, Ысык-Ата райондук соту Майрам Оморованын чечимин жокко чыгарган.

Ырайым кылуу боюнча комиссиянын катчысы Кырккелди Кыдырбаев 20 жаштагы Фарид Авазовдун өлүмү боюнча соттолгон Василий Безродный Алмазбек Атамбаев кол койгон ырайым кылуу боюнча документке кантип кирип калганы тууралуу Kaktus.media редакциясынын суроолоруна жооп берди.

Үч жылдан кийин Kaktus.media редакциясына Безродный 2021-жылдын 4-октябрында Ысык-Ата районундагы №50 колониядан бошотулганы белгилүү болду.

"Колониянын башчысы дагы бир жолу сотко кайрылып, ал Безродныйды 23 жылдык жаза мөөнөтү аяктаганга чейин абактан бошотууну суранды", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле маалда 2018-жылы Василий Безродныйдын абактан мыйзамсыз бошотулушуна жол берген судья Майрам Оморова, атайын прокурор Э.Жолдошалиев, Ысык-Ата районунун прокурору Абай Бекбоев жана башка аткаминерлердин жазаланганы азырынча белгисиз.

Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Безродныйдын абактан бошотулушу боюнча жакынкы аралыкта маалымат берүүнү убада кылды.

Өлтүрүлгөн Фарид Авазовдун апасы Елена Авазова Kaktus.media'га Василий Безродныйдын бошотулушу тууралуу эч нерсе билбестигин, анткени ага эч бир мамлекеттик орган кабарлабаганын билдирди.

Эске салсак, 2011-жылы Фарид Авазовдун ата-энеси ага ноутбук белекке берип, кийин интернет-форум аркылуу сатууну чечкен. 2011-жылдын 28-декабрында ушул ноутбуктун айынан Авазов мыкаачылык менен, балка менен сабалып өлтүрүлгөн. Фарид 20 жашта болчу.

2012-жылдын 7-февралында милиция кызматкерлери Василий Безродныйды кармашкан. Сот залында ал киши өлтүргөнүн мойнуна алган. Биринчи сот Безродныйды 18 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен. Бирок, жыл ичинде Бишкек шаарындагы СИЗО-1ден колонияга жөнөтүлгөн эмес. Андан кийин Безродныйдын бешинчи жактоочусу Жогорку Сотко көзөмөл даттануу жазган, анда соттолуучу Миша деген киши өлтүргүчтү ойлоп таап, КР Жогорку сотунун судьялары ага ишенип, эки инстанциянын өкүмүн жокко чыгаруу менен ишти кошумча тергөөгө биринчи инстанцияга жөнөтүшкөн.

Безродный студент Фарид Авазовдун өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 2015-жылы Чүй облустук сотунун чечими менен "Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" жана "Адам өлтүрүү" беренелери боюнча жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөп, 23 жылга эркинен ажыратылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4177