Жогорку Кеңеште дагы бир депутат пайда болду. Ал спортсмен жана окуунун отличниги
RU

Жогорку Кеңеште дагы бир депутат пайда болду. Ал спортсмен жана окуунун отличниги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште дагы бир жаңы депутат пайда болду. Бул 41 жаштагы Нурбек Исмаилов.

Кечээ, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Ал "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болду. Буга чейин бул партиядан Мейкинбек Абдалиев өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган. Баса, Абдалиев өзү да депутат болуп көпкө иштеген жок. Абдалиев быйыл апрель айында ФУГИге кеткен Мирлан Бакировдун ордуна Жогорку Кеңешке келген.

Ачык булактардан белгилүү болгондой, Нурбек Исмаилов 1980-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Дене тарбия институтунун Жалал-Абад филиалын бүтүргөн.

  • 2000-2002-жылдары Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинде машыктыруучу.
  • 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын жардамчысы.
  • 2011-2012-жылдары "Темир" ишканасынын жетекчиси.
  • 2012-2014-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, төраганын орун басары, андан кийин өзү спикер болгон.
  • Эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катышып, байгелүү орундарды багындырган. Ал окуунун отличниги.

Эгерде парламенттик шайлоо өттү деп табылса, VI чакырылыштагы парламент өз ишин ноябрь айынын аягында аяктайт. Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ошентип, Нурбек Исмаилов бир айга чукул гана Жогорку Кеңештин депутаты болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4183