Депутаттардын айлыгын 5 миң сомго чейин төмөндөтүү сунушталды. ЖК демилгени өткөргөн жок
RU

Депутаттардын айлыгын 5 миң сомго чейин төмөндөтүү сунушталды. ЖК демилгени өткөргөн жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дастан Бекешев, депутаттардын, премьер-министрдин жана президенттин айлыктарын тиричиликтин минимумуна (прожиточный минимум) чейин төмондөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Бирок Жогорку Кеңеш анын мыйзам долбоорун өткөрбөй жатат. Бул тууралуу депутат өзүнүн Telegram-каналына жазган.

Бекешевдин айтымында, ал мыйзам долбоорду декабрдын башында эле даярдаган, бирок Жогорку Кеңештин аппараты аны коомдук талкууга чыгара элек.

"Мен, депутаттар, премьер-министр жана президенттин айлыгын жашоо тиричилик кылуунун минимумуна чейин төмөндөтүүчү мыйзам долбоорду сунуштагам. Ошондо адилеттүү болот. Негизи тиричилик өткөрүу үчүн минимум деп эсептелген каражатка жаран кийинип, тамак-аш алып, салык төлөш керек. Болгону беш миң сомго. Ооба, түшүнүп турам, бул демилгени популизм деп айтышат, бирок өкмөт ушундай тиричилик үчүн минимумду бардык жарандар үчун бекитип жатса, демек жетекчилер да, бюджетти калыптандыргандар да ушундай эле айлык алууга тийиш", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчилигине эки ирет кат жазып кайрылганына карабастан маселе дагы деле чечиле элек, демек бул цензура, - деп Бекешев кошумчалаган.

"Аппарат жетекчи азыркы учурда эс алууда, балким, ошондон улам маселе чечилбей жатат. Депутат дагы бир жолу кат жазышы керек, аппарат жетекчисинин орун басары аны карап чыгат. Документ каралып, биздин бөлүмгө жөнөтүлгөндөн кийин, дароо жарыялайбыз", - деп аппарат башкармалыгынын басма сөз кызматы Kaktus.media'га жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/418