"Бишкек" ЭЭАнин жетекчиси үгүт ишинде эреже бузган. БШК президенттен чара көрүүнү суранат
RU

"Бишкек" ЭЭАнин жетекчиси үгүт ишинде эреже бузган. БШК президенттен чара көрүүнү суранат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек" ЭЭАнин жетекчиси Кудрет Тайчабаров шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерин бузганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, шайлоо өнөктүгүн өткөрүүнүн эрежелерин жана жол-жоболорун бузгандыгы үчүн тиешелүү чараларды көрүү үчүн материалдарды президенттик администрацияга жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин Тайчабаров Фейсбукта карындашы Адинай Марипова тууралуу ыр саптарын жарыялаган. Анда ал карындашын Жогорку Кеңештен көрүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Андан соң БШКнын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу тобуна Тайчабаровдун бул посту тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Алдыдагы парламенттик шайлоодо Марипова "Ынтымак" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууда.

"Бишкек" ЭЭАнин жетекчиси үгүт иштеринин эрежелерин бузганы айтылды. БШК президенттен чара көрүүнү суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4212