Оору күчөгөн маалда иммунитетке кантип жардам берсе болору айтылды
RU

Оору күчөгөн маалда иммунитетке кантип жардам берсе болору айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дарыгердин айтымында, табияттан берилген иммунитет жугуштуу оорулардан толугу менен коргой албайт. Бирок иммунитет жакшы болсо вирусту жеңил көтөрүп же батыраак айыгууга болот.

Вирустук инфекциялык оорулардан сактанып, иммунитетти бекемдөө үчүн кандай эрежелерди эстен чыгарбоо керек экенин РИА Новостиге терапевт Дмитрий Злобин айтып берген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазып чыкты.

"Бизге табияттан берилген иммунитет жугуштуу оорулардан толугу менен коргой албайт. Бирок иммунитет жакшы болсо вирусту жеңил көтөрүп же батыраак айыгууга болот", - деген эксперт.

Терапевт иммунитетти бекемдөө үчүн кийген кийимге, ичкен тамакка, жашоо образга көңүл бөлүү керектигин айткан.

"Баягы эле эрежелер: тамакты түрлөп жеп, уйку режимин сактап, сууну көп ичип, спорт менен машыгып, таза абага чыгып, зыяндуу адаттардан баш тартуу керек. Каттап кийинип, таманы калың бут кийим кийген жакшы. Ошондой эле ооругандар менен байланышты азайтып, колду самын менен таза жууп, антисептик колдонуп, бет кап тагынуу керек", - деген терапевт.

Адис сасык тумоого жана коронавируска каршы эмдөө жолу менен да иммунитетке ээ болуу мүмкүн экенин эске салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4221