Талас облусуна логистикалык борбор куруу үчүн Түштүк Корея бийликтин жообун күтүүдө
RU

Талас облусуна логистикалык борбор куруу үчүн Түштүк Корея бийликтин жообун күтүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-январда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова ULP логистикалык компаниясынын Президенти Юн Сон Бэк мырза жана Төрагасы Жо Жэ Уик мырза менен жолугушту.

Белгилүү болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын

учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, маектешүүлөр туризм тармагына инвестиция салуу, ошондой эле соода-логистикалык борбор түзүү жана айыл чарба экологиялык жактан таза продукциясын

кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу өлкөлөрдүн ортосундагы соода мамилелерин кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Өз кезегинде Президент "ULP" компания логистика жана туристтик кызматтарды көрсөтүү жаатында чоң тажрыйбага ээ экендигин айтып, 2020-жылы Ысык-Көл облусундагы этникалык шаарчанын курулушун аяктагандыгын белгиледи.

Компаниянын Президенти кошумчалагандай, учурда Талас облусуна соода-логистикалык борборду куруу шарттары боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бийликтеринен жооп күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/422