28 жаштагы жигит көпүрөдөн секирип кетүүгө аракет кылды
RU

28 жаштагы жигит көпүрөдөн секирип кетүүгө аракет кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Патрулдук милиция кызматкерлери көпүрөдөн секирүүгө аракет кылган адамды куткарып калышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү кечинде кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлерине 7-апрель (Алма-Атинская) көчөсүндөгү көпүрөдөн белгисиз адам секирип кетүүгө аракет кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге кызматкерлер келгенде чынында эле көпүрөнүн темир торунун жанында 28 жаштагы жигит секирүүгө аракет кылып турган.

"Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери анын аракетин токтоттууга жетишкен", - деп билдиришти башкармалыктан.

Ал Свердлов РИИБге жеткирилип, андан соң туугандарына өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4236