Новопокровкада аял төрөт үйүнө жетпей машинеден көз жарды. Төрөттү гаилер кабыл алышты
RU

Новопокровкада аял төрөт үйүнө жетпей машинеден көз жарды. Төрөттү гаилер кабыл алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунун тургуну төрөт үйүнө жетпей калып, жолдон көз жарды. Төрөттү мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери кабыл алышкан. Бул тууралуу Чүй облусунун ЖКККББси маалымдады.

Такталган маалымат боюнча, 15-январда, болжол менен түнкү саат 3тө, милиция кызматкерлерине эркек киши жардам сурап кайрылган. Ал келинчеги менен төрөт үйүнө жетпей калып, келиндин толгоосу башталып, машинеден төрөй баштаган. Инспекторлор төрөттү өздөру кабыл алууну чечишкен.

"Төрөт жакшы эле өтүп, дени сак уул жарык дүйнөгө келди. Андан кийин эне менен бала ооруканага жеткирилген. Наристенин ата-энеси инспекторлорго өз учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдиришкен", - деп ЖКККББ билдирди.

Эне менен ымыркай төрөт үйүнөн чыгышты. Аларды автоинспекторлор куттуктап барышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/423