12 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган жигит жазадан кутулуп кеткен
RU

12 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган жигит жазадан кутулуп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган жаран аныкталып, бирок жазадан кутулуп кеткен. Чечим Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү

Мунара 2018-жылы мектепте окуп жүргөндө, тергөөнүн версиясы боюнча, аны 23 жаштагы Санжар зордуктаган. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, ал кыздын эки колун бурап, андан соң жерге жаткырып, кийин үйлөнөм деп кыз менен жыныстык катнашка барган. Ал кезде Мунара 12 жашта болчу. Санжар бул ишин бир нече жолу кайталап, алар кыз-жигит экенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Он алты жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашка баруу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер" беренеси боюнча иш козголгон.

Соттук отурумдун жүрүшүндө арызды атасы жазганын, ал эми кыздын өзүнүн эч кандай дооматы жок экени айтылган. Анткени ал өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барганын билдирген. Мунаранын айтымында, атасы ага кысым көрсөткөндүктөн улам, милицияда сурак берип жатканда Санжар зомбулук көрсөткөнүн айтып жамандаганга туура келген. Ошондой эле айыпталуучу Мунаранын жашын билбегенин кошумчалады.

Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Ошондой эле ал сүйлөшкөн кызынын макулдугу менен жыныстык катнашка барганын айткан.

Биринчи Май райондук соту бул жигитти күнөөлүү деп тапкан. Бирок, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен Санжар жазадан кутулган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4253