Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасынын эки орун басарын алмаштырды. Кимдер келди?
RU

Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасынын эки орун басарын алмаштырды. Кимдер келди?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Заир Чокоев менен Манас Жакыпов Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ошондой эле Мээрим Момункулов менен Айнур Тезекбаевди Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Заир Чокоев 2021-жылдын июль айынан бери Борбордук казыналыктын директору болуп иштеп келген.

Манас Жакыпов 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Башкы прокуратура тарабынан АУБдун жетекчиси Михаил Надель жана Максим Бакиев менен бирге айыпталган. Ошондой эле "АкылИнвестБанк" жана "Ысык-Көл Банктын" уюштуруучулары менен мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгени белгилүү болгон. Кийинчерээк ал сот тарабынан толук акталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4267