"Көңүл ачуу үчүн келгем, көрсө өтө оор экен". Орус блогери көк бөрү оюну тууралуу
RU

"Көңүл ачуу үчүн келгем, көрсө өтө оор экен". Орус блогери көк бөрү оюну тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орусиялык видеоблогер Витя Кравченко Кыргызстанга келип, көк бөрү тууралуу 40 мүнөттүк видео тартты.

"Азиядагы эң күчтүү жана тобокелден коркпогон адамдар спорттун бул түрү менен алектенишет. Көк бөрү хоккейден же мушташтан бир топ катаал. Топтун ордуна оор улакты талашышат. Спортчулар жашоосуна кооптуу жаракаттарды алышы мүмкүн, ошондой эле жылкылары да. Мен Кыргызстанга теңдеши жок жергиликтүү спорт көк-бөрүнү үйрөнүү үчүн келдим",-деп видеого кол койду.

Ал кыргызстандыктардын көк бөрү ойноп жатканын көрсөтүп, көрүүчүлөргө суроо берип, оюнга комментарий берип жатат.

Анын айтымында, оюнга көңүл ачуу үчүн келген, бирок көк бөрү оор жана коркунучтуу экенин айткан. Блогер оюнга таң калып, мындай кооптуу оюнду ойноо керекпи деген суроо калтырган.

"Бул жерде көк бөрүгө болгон мамиле футбол сыяктуу. Бирок атка абдан жакын адамдар бул видеону көрбөгөнү туура болот", - деди ал.

Кравченко кыргыз көк бөрү жылдызы Манас Ниязов менен да жолугуп, кыскача маек курду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4274