2022-жылкы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюнунда Франция Казакстанды 8:0 эсебинде утуп алды
RU

2022-жылкы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюнунда Франция Казакстанды 8:0 эсебинде утуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Франция Казакстанды 8:0 эсебинде утуп алды. Биринчи таймда Килиан Мбаппе үч жолу гол киргизип өзгөчөлөндү. Ал голдорун 6-12-32-мүнөттөрдө киргизип, улуттук кураманын беттештериндеги биринчи хет-трик болду.

Экинчи таймда Карим Бензема дубль жаратса, андан соң Адриен Рабьо менен Антуан Гризманн гол киргизип, аягында Мбаппе дагы бир гол киргизгенге жетишти..

Француздар 15 упай топтоп, N тайпасында алдыда келе жатат. Алар финишке бир тур калганда 2022-жылкы дүйнө чемпионатына жолдомо алышты. Казакстанда үч упай, акыркы бешинчи орунду турушат. .

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4307