Дастан Бекешев: Пандемия учурунда жарандар өлүп жатса бирөө жарымдар жөн гана акча жасаган
RU

Дастан Бекешев: Пандемия учурунда жарандар өлүп жатса бирөө жарымдар жөн гана акча жасаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЖКнын депутаты Дастан Бекешев, кечээ, 18-январда, Өкмөт үйүндө гранттык акчаларды бөлүштүрүү боюнча комиссия COVID-19 менен Кыргызстан кантип күрөшкөндүгү тууралуу алты презентацияны укту. Депутат Бекешев бул боюнча өз пикирин билдирди.

"Көптөгөн мыйзам бузуулар бар экен, гумжардамды эч ким көзөмөлгө албаптыр, кайсы жака жоголгону белгисиз. Өлүм боюнча берилген расмий статистика менен айырмачылык миңдеп саналат", - деди ал.

Өлүм берилген маалыматка салыштырмалуу кыйла көп. Басымдүү бөлүгүн башка ооруларга шылтап коюшкан. Коронавирус дагы деле жүрүп жатат, этият болгула. Жарандар өлүп жатса бирөө жарымдар жөн гана акча жасашкан.

Натыйжасында, комиссия жөнөкөй дарыгерлерди жазага тартпастан, айрым мекемелердин жетекчилерин жана башкы дарыгерлерин жоопкерчиликке тартуу керек, деп чечти.

Эске салсак, ЭККМК өлкөнү пандемияга даярдап, оору күчөп турган учурда аны менен күрөшүүнү жетектеп турган бардык аткаруучу бийликтин жоопкерчилигин изилдей турганы белгилүү болгон.

Кеп төмөнкү чиновниктер тууралуу болуп жатат:

  • экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев;
  • экс-премьер-министр Кубатбек Боронов;
  • социалдык блок боюнча экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова, алар пандемия маселесине жоопкерчиликтүү болушчу;
  • Саламаттыкты сактоонун экс-министри Космосбек Чолпонбаев;
  • Саламаттыкты сактоонун экс-министри Сабиржан Абдикаримов;
  • Финансы боюнча экс-министр Бактыгуль Жээнбаева.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/432