Эдил Байсалов бир айда эмне иш кылып эсте калды? (спойлер: жасаган иши менен эмес)
RU

Эдил Байсалов бир айда эмне иш кылып эсте калды? (спойлер: жасаган иши менен эмес)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эдил Байсаловдун министрлер кабинетинин төргасынын орун басары болуп дайындалганына бир ай болду. Анын милдети көйгөйү көп социалдык блокту толугу менен көзөмөлгө алуу жана андагы маселелерди чечүү. Азырынча, бул тармактагы реформалары жана ийгиликтери менен эмес, чуулгандуу билдирүүлөрү менен гана элдин көңүлүн өзүнө буруп келүүдө.

Kaktus.media бир айда болгон окуяларды эскерди.

Байсалов vs Текебаев

Байсалов 13-октябрда кызматына дайындалып, эртеси күнү 14-октябрда провакациялык билдирүү жасады. Байсаловдун, президент жана министрлер кабинети аларды колдой турган депутаттар менен гана кызматташат, калгандарына көңүл бурбайбыз деп айтканы бар.

"Бизге 45-55 депутаттар жетишет, ошолор менен иштейбиз, ошолор менен катышабыз, ошолор биздин мыйзамдарыбызды кабыл алат. Калганыңыздарга айтып коелу, ошол жерден жер тепкилесеңер дагы, биздин кылыбыз кыйшайбайт. Бизди алаксыта албайсыңар. Биз силерге жалдырабайбыз. Биз өнүгүүнүн алдында иштейбиз", - деп Байсалов айткан.

Аны менен программага катышкан Өмүрбек Текебаев Байсалов Улуу Британияда жүрүп бир нерсеге үйрөнбөстөн бузулуп келгенин белгилеген.

"Мен азыр эле "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" деген телеберүүсүнөн чыктым. Ал жака баратым Эдил Байсаловду Европадан жаңы көз караштарды, жаңы жүрүм-турумдун стандарттарын, жаңы саясий маданиятты алып келди го деп мактап, ийгилик каалайын деп баргам. Бирок кыргызчасынан болуптур. Кыргызстан "шаар көргөн эчкиден түңүл" деген сөз бар. Эдил Байсалов Европадан оңолбостон бузулуп келиптир. Абдан өкүнүчтүү. Аттиң, деп берүүдөн чыктым", - деди Текебаев.

Көрсө, бул алардын акыркы кайым айтышуусу эмес экен. Уландысы дагы бар.

Байслов vs соцтармак

Кызматка дайындалган Байсалов бир нече күндөн кийин кеңири интервью берип, демократия тууралуу кеп козгоп, бардык алдыңкы демократиялык өлкөлөрдө социалдык тармактарга, өзгөчө андагы сын пикирге көңүл деле бурулбай турганын билдирген. Иш жүзүндө, ал өзү ага айтылган сынга орой жооп берип, оппоненттеринин аброюна шек келтирген сөздөрдү жазат.

"Кызматка дайындалгандан кийин алгачкы бир нече мүнөтүндө салтанаттуу түрдө телефонумдагы Facebook тиркемесин өчүрүп салдым. Бийликтин башка өкүлдөрү да ушундай кылыш керек", - деген чакырык салды.

Бир канча убакытка чейин чындап эле Facebook'ка жазбай калган. Бирок тыныгуу көпкө созулган жок. Текебаев менен кайым айтышуусу активдешүүгө түрткү болду.

Байсалов vs Текебаев. Уландысы

Кийин Өмүрбек Текебаев шайлоо алдындагы үгүт учурунда, президент бир да жолу министрлерди жалпы жыйынга чогулткан жок деп айтты. Саясатчынын пикири боюнча, эл мындай жыйындарды көрүп, бийлик чындап иштеп жатканына ынанып туруш керек. Президенттин айланасынан жалгыз эле Байсалов реакция жасап, Текебаевди социалдык тармак аркылуу катуу сындады.

"Министрлерге күн-түнү, керек болсо түнкү саат 3-4 төрдө телефон чалып же СМС менен тапшырмаларды берип турат. Ыкчам чечүүчү маселелер чыгып калганда тиешелүү министрлерди үйүнө да чогултат.

Андыктан сиздин болжолдоп айткан акылыңыздын президентке кереги жок. Сиз кеңеш берип жүрүп акыркы он жылда көрдүк мамлекет кандай абалга кептелгенин. Ошондуктан, башка адамдарга акыл үйрөтүп, ооз ачканга акыңар жок", - деп жазган Байсалов.

"Эдил Байсалов эмне Кудаярханбы, адамдын сөзүн эмес башын алганга укугу бар? Эч ким, сот дагы кыргыз жаранынын сөз эркиндигине, пикир эркиндигине, мыйзамдын сакталышын талап кылган укугун жокко чыгара албайт.

Андан тышкары, бул конституцияда көрсөтүлбөгөн форма. Конституцияда көргөзүлбөгөн ыкма. Муну кыргыздар "бармак басты, көз кысты" дейт. Бул коррупцияга алып келет", - дейт Текебаев.

Алардын кайым айтышуусу улам күчөп баратканына байланыштуу президенттин администрациясы кийлигишип, Текебаевдин сынына жооп кайтарган. Ал жооптун маанайы Байсаловдукунан айырмаланып кыйла токтоо жана маңыздуу болчу.

Байсалов vs ага чейин кызматта отургандар

Эдил Байсалов ага чейин министрлер кабинетинде иштеп кеткендер боюнча да сын пикирин айтып жетишти. Ал Улукбек Мариповдун ишмердүүлүгү боюнча жеке оюн орой формада билдирген.

"Мариповдун бийлиги чечим кабыл алууга өтө көп убакыт коротчу. Балким, анын мурунку иш тажрыйбасы таасирин тийгизгендир. Ал Эсеп палатасынан келбедиби, көп ойлонуп, таразалай берчү, анан өкмөт эффективдүү жана мобилдүү боло алган жок. Тилекке каршы, ал өлкө башчысы жана эл ага арткан үмүттү актай алган жок", - деп Эдил Байсалов жеке пикирин билдирди.

Ошол эле маалда, президент өзү, Марипов кызматынан кеткенден кийин, ага ыраазычылык билдирип, ишмердүүлүгүнө оң баа берген болчу.

Байсалов vs бейөкмөт уюмдар

Дагы бир кызыктай билдирүүсүн Байсалов жалпы улуттук диалог учурундагы жыйында жасады. Ал мамлекеттик эмес уюмдар мыйзам долбоорлорду талкуулоого активдүү катышпайт. Ал коомдук уюмдардын социалдык тармактардагы постторун жана прессадагы билдирүүлөрүн белгилеп, "бул жарандар менен баарлашуунун нормалдуу формасы болуп саналбайт" деп айткан. Андан тышкары Байсаловджун пикири боюнча бейөкмөт уюмдардын финансылары жеригилктүү бийликтин көзөмөлүндө болууга тийиш. Байсаловдун бул айткандары жарандык коомду нааразы кылды.

Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү тынымсыз изилдөөлөрдү жүргүзүп, мамлекеттик органдарга аналитикалык материалдарды, докмунттердин экспертизасын даярдап берээрин айтышты. Алардын аракети менен бир топ мыйзамдолбоорлор мыктыланган.

"Адилет" укуктук клиникасы так ошол уюмдун юристтери калктын бардык катмарына жардам бере турганын белгилешти. Алар кезинде Байсалов өзү кысымга кабылып, бийлик тараптан куугунтукталганда аларга көп ирет кайрылып, жардам алганын эскертишти.

Байсалов буга жооп кайтара элек. Бирок анын маалыматтык талаада президентти активдүү коргогонун көрүп, ызы-чуу ушуну менен токтоп калбастыгын анык айтса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4351