Малчы ээсинен 1 млн сомдон ашык акчасын уурдап үч күндө 400 миңин коротуп салган
RU

Малчы ээсинен 1 млн сомдон ашык акчасын уурдап үч күндө 400 миңин коротуп салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жумуш берүүчүсүнөн ири өлчөмдөгү акчасын уурдаган деп шектелген жаран камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББиси билдирди.

Белгилүү болгондой, 16-январда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Шалта айылынын тургуну кайрылып, 15-январда, малчысы болуп иштеп жүргөн чабан үйүнө жашыруун кирип келип 1,4 миллион сомун уурдады, деп билдирген.

Шектелүүчү анда 6 айдан бери иштеп, үйүнүн жанындагы времянкада жашачу.

"Малчы Бишкекке качып келип, улам-улам токтогон жерин алмаштырып турган", - деп ИИББ белгиледи.

Үч күндөн кийин, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1980-жылы туулган М.С., борбор шаардагы күнүнө берилүүчү батирлердин биринде камакка алынды. Анын жанынан 1 миллион сом табылган, бирок калган 400 миң сомду шектелүүчү коротуп жетишкен.

Малчы Сокулук районунун ИИБсинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/436